Өрт учурунда үйдө аялдын энеси менен анын иниси болгон, деп кабарлайт.
Челябинск облусунун жашоочусу аялынын туугандары турган үйдү өрттөп жибергени үчүн сот алдында жооп берет. Бул тууралуу областтык прокуратуранын сайтында жазылган.
Окуя 2015-жылдын июлунда болгон. Аялы менен чырдаша кеткен киши арак ичип алып, өч алуу үчүн кайненесинин үйүнө өрт койгон. Өрт учурунда үйдө жашы өтүп калган менен анын иниси болгон.
“Үй бүтүндөй күйүп кетти. Өрт учурунда уктап жаткан 58 жаштагы аял менен 50 жаштагы бир тууганы окуя болгон жерде каза болушту”, - деп маалымдайт прокуратуранын басма сөз кызматы.
Өрт койгон кишиге Кылмыш-жаза кодексинин эки: “Эки адамды өлтүрүү” жана “Бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу” деген эки беренеси боюнча айып тагылды.
Кылмыш иши Челябинск облустук сотуна жөнөтүлгөн.