Керималиев эгер согумга, аш-тойго союлган малдын эсеби алынса, Кыргызстан өзүн эт менен камсыздашы ыктымалдыгын белгиледи.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Жаныбек Керималиев Кыргызстан өзүн эт менен толук камсыздай албай турганын Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтты.
Ал ошондой эле эгерде той-ашка союлган малдын эсеби алынса, өзүбүздү эт менен камсыздап калышыбыз ыктымалдыгын белгиледи.
"Бүгүнкү күнү эт менен өзүбүздү камсыздай албайбыз. Бирок согумду, той-ашка сойгон малды эсепке алсак, камсыздап калышыбыз мүмкүн. Булар учетко алынбайт, идентифкация иштери бүтсө, ушулардын бардыгы эсепке алынат эле", — деди ал.
Керималиев өз сөзүндө Кыргызстанда эт жетишсиз болгондуктан сырттан тооктун, уйдун этин импорттоого туура келип жатканын айтты. Бирок ошол эле учурда Кыргызстан башка мамлекеттерге этти экспорттой турганын белгиледи.
Депутат Эмил Токтошев: "Эгер өзүбүзгө эт жетпесе, анда эмнеге сыртка сатып жатабыз?"- деп нааразы болду.
Өз кезегинде министрдин орун басары азыр базар экономикасы экенин, этти сыртка сатып иш кылган ишкерлерге тыюу сала албай турганын айтты.
"Ишкерлер өзүлөрүнүн ишин жасап жатат да. Аларга этти сыртка чыгарбагыла деп айта албайбыз", — деп жооп кайтарды.
Бирок депутат Токтошев министрдин орун басарынын берген жообуна канааттанбаганын билдирди.
Бүгүн, 8-майда, депутаттар "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап жатышат.
https://sputnik.kg/economy/20190508/1044249333/kyrgyzstan-eht-kamsyzdoo.html