Балабакча күзөтчүсү 4 жаштагы балдардын үстүнө ысык суюктук куюп, өрттөп жиберди. Андандан кийин өзүнө кол салган. Ошондой эле, балдарды куткарууга аракет кылган тарбиячы да көз жумду.
Globo басылмасынын маалыматына ылайык, кайгылуу окуя Бразилиянын Минас-Жерайс штатындагы балабакчада бейшенби күнү орун алган.
Дамиан Соарес дус Сантос аттуу 50 жаштагы күзөтчү өзүнүн жана 4 жаштагы бир нече баланын үстүнө ысык суюктук куюп, андан кийин өрттөп жиберген. Ал эми токтотууга аракет жасаган 43 жаштагы тарбиячынын денеси күйүп калып, ал ооруканада көз жумат. Кылмышкер да ооруканада каза болгон.
Кайгылуу окуядан 4 жаштагы жети бала бирдей көз жумду. Дагы 43 адам жабыркаган, алардын басымдуу бөлүгү кичинекей балдар. Азыркы учурда балабакчанын 37 тарбиялануучусу ооруканада жатат. Алардын бешөөсүнүн абалы оор.
Эркек киши эмнеден улам мындай кадамга барганы белгисиз, аны аныктоо үчүн тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Бийлик өкүлдөрү өлкөдө алдыдагы 7 күндү аза күтүү күнү деп жарыя кылды.