Жети сааттан аз уйку ден соолукка коркунучтуу

8 мая 2019 Жети сааттан аз уйку ден соолукка коркунучтуу

Чала уйку мүнөздү өзгөртөт.

Уйкунун жетишсиздиги ден соолукка эле терс таасир тийгизбей, жүрүм-турумдун өзгөрүүсүнө да себеп болот, деп кабарлайт РИА Новости.

Бул тууралуу “Биз эмне үчүн уктабайбыз?” китебинин автору, Калифорния университетинин неврология бөлүмүнүн профессору Метью Уокер айтат.

Окумуштуу жети сааттан аз уйку адамдын ден соолугу үчүн коркунучтуу экенин, ошондой эле узак жашоого терс таасир тийгизерин белгилеген.

“Эгер сиз бир күндө жети сааттан аз уктасаңыз, мээңиз менен организмиңизде калыбына келбей турган өзгөрүүлөр башталат. Алты саат уйку жетет дегендер, тилекке каршы, өзү менен ден соолугун алдайт”, - дейт Уокер.

Окумуштуунун айтымында, иш күндөрү аз уктаган адамдын дем алышта уйкусун кандырып алам дегени - куру убарагерчилик.

Мындан тышкары, автордун айтымында, уйкунун канбоосу адамды эки жүздүүлүккө түртөт жана харизмасынан ажыратат.

Уокер, ошондой эле, кечинде кофе ичүү да уйку үчүн коркунучтуу экенин айтат.

Окумуштуунун айтуусу боюнча, уктар алдында компьютер, смартфон колдонбогон туура, телевизор көрбөө да пайдалуу.

Буга чейин Уокер аз уктоо эсте сактоо жөндөмдүүлүгүн начарлатып, диабет менен семиздикке, залалдуу шишикке, Альцгеймер оорусуна алып барышы мүмкүн экенин айткан эле.