Кытайдын Гуандун провинциясындагы Дунгуань шаарынын 21 жаштагы тургуну смартфондо узак убакытка чейин ойноп, оң жак көзү көрбөй калды.
Кыз күн бою смартфондо оюн ойногон. Ушундан кийин ал ооруканага түшөт. Ага оң көзүнүн торчосу бүтөлүп калган деген диагноз коюлат. Дарыгерлер анын себеби, узак убакыт смартфондо оюн ойноп, көзгө салмак түшкөн деген корутунду чыгарышкан.
“Жумуш эмес күндөрү мен таңкы 6да турам, эртең мененки тамагымды ичип эле кечки төрткө чейин оюн ойноймун. Андан кийин дагы өзөк жалгап алып, эс алып кайра түнкү 1ге чейин ойнойм”, - деди кыз.
Апрель айында Циндао шаарынын 14 жаштагы жашоочусу күндө смартфонду колдонгондуктан моюн оорусуна кабылат. Дарыгерлердин айтымында, кыз арка омуркасынын деформацияланышына байланыштуу мойнун түз кармай албай турган болгон. Дал ушундай арыз менен буга 10 жаштагы баланын ата-энеси да кайрылышкан.