Бишкекте "Акылдуу шаар" долбоорунун бир бөлүгү болгон "Коопсуз шаар" ушул жылдын 12-февралынан тарта ишке кирген.
Ушул тапта Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) мониторинг борборуна кайрылгандардын басымдуу бөлүгү - өз атына катталып турган унаалардын азыркы ээсин издегендер. Бул тууралуу аталган борбордун маалымат жана техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Токомбай Исаев билдирди.
"Коопсуз шар" долбоору башталгандан бери мониторинг борборуна 3981 жаран жеке, 3157 жаран Call-борбор аркылуу кайрылды. Булардын көпчүлүгү атына катталып турган машиналардын азыркы ээсин издегендер. Анткени бардык айыптар мурдагы ээсине барууда. Мындан тышкары, эмне себептен айыпка жыгылганын түшүнбөгөндөр жана айыптын өлчөмүн көп дегендер кайрылууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан улам мониторинг борборунун кызматкерлери унаанын мурдагы ээлерине төмөнкүдөй кеңештерди берүүдө:
айдоочу жол эрежесин бузганда анын айдоочулук күбөлүгү, айдап жүргөн унаасы тууралуу маалымат ЖКККББга түшөт. Жаран ошол базадан издеп жаткан айдоочуну табышы мүмкүн;
дагы бир маалымат булагы — Мамлекеттик салык кызматы. Жыл сайын ар бир айдоочу жол салыгын төгөт. Ал жакта дагы унаа жана анын айдоочусу жөнүндө маалыматтар сакталат;
буга чейинки варианттар жардам бербесе, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр сайтына кирип, "Коопсуз шаар"долбоорунун алкагында унаанын номерин киргизет. Ал изделип жаткан унаа кайсы көчөлөрдө көбүрөөк жүрөрүн көрсөтүп берет. Бул дагы унааны табууга салым кошот.
Издөөнүн бардык варианттарында жаран паспортун ала барып, арыз жазышы зарыл.
Белгилей кетсек, Мамлекеттик каттоо кызматы "Коопсуз шаар" долбоору ишке киргенден бери автоунааны алгачкы каттатуунун саны 1,6 эсеге, кайра каттатуунун саны 2,1 эсеге өскөнүн билдирди. Мисалы, 2018-жылдын биринчи кварталында 9169 унаа Кыргызстанда алгачкы ирет катталса, быйылкы жылы бул көрсөткүч 14 969га жетти.
Эске салсак, Бишкекте "Акылдуу шаар" долбоорунун бир бөлүгү болгон "Коопсуз шаар" ушул жылдын 12-февралынан тарта ишке кирген.