Улуттук банктын валюта резерви күн сайын жарым миллион долларга азаюуда

8 мая 2019 Улуттук банктын валюта резерви күн сайын жарым миллион долларга азаюуда

Өткөн айда Улуттук банк ири көлөмдө чет элдик валюта саткан.

Апрель айында Кыргызстандын алтын валюта резерви 17 миллион долларга азайган. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалат.

Өлкөнүн башкы финансы көзөмөлдөө органы өткөн айда сомду кармап туруу үчүн валюта рыногуна 22,8 миллион доллар саткан.

Март айынын аягында алтын валюта резерви 2 миллиард 197 миллион 150 миң доллар деп бааланган. Бир айдан кийин ал 2 миллиард 180 миллион 90 миң долларды түзгөн.

Кыргызстандын эл аралык резерви валютанын 10 түрүнөн жана алтындан турат. Алар эл аралык эсептешүүдө, дефицитти жабууда жана улуттук валютанын курсун турукташтырууда колдонулат.

Спутник Кыргызстан