Окумуштуулар өлүмдү эртелеткен негизги дартты атады

8 мая 2019 Окумуштуулар өлүмдү эртелеткен негизги дартты атады

Адистердин айтымында, ашыкча салмак менен кант диабетинин кесепетинен улам пайда болгон жүрөк кемтигинен миллиондогон адам жабыркайт.

Америкалык окумуштуулар адам бейтапканага жүрөк оорусу менен көбүрөөк түшөт жана бул дарт өлүмдү эртелетет деген пикирге келгенин "Известия" жазды.

АКШнын Түндүк-Батыш университетинин адистеринин айтымында, ашыкча салмак жана кант диабетинин кесепетинен улам пайда болгон жүрөк кемтигинен бир эле штатта миллиондогон адам жабыркайт. Бул дарт бара-бара өлүмгө алып келет.

Окумуштуулар мындай жыйынтыкты чыгаруу үчүн 1999-2017-жылдар аралыгында 48 миллион адамдын өлүмүнө саресеп салган. Натыйжада 2012-жылдан бери көп адам жүрөк оорусунан каза болуп жатканын байкашкан. Ошондой эле аталган илдет менен 6 миллион адам жабыр тартары аныкталганы айтылат.

Буга чейин окумуштуулар майлуу балыкты ашыкча жеп туруу өлүм тобокелдигин 50 пайызга жогорулата турганын айтышкан.

Спутник Кыргызстан