1. Кыздык “белги” – тазалыктын белгиси
Жалпы “тазалык” деген жагымдуу сөздүн алдында шляпамды чечүү менен, бирөөнүн 100 пайыз таза же таза эместигин аныктай турган медициналык тастыктаманын токтугун эске салгыбыз келет. Каалаганча талашкыла, кыздык белгини “жаман кыздар” мектепте дене тарбия сабагында машыгып жатып деле, жаза басып тайып жыгылып да жоготуп алышы мүмкүн. Ал эми кээ бир кыздарда ал тубасы жок болушу мүмкүн.
Ага бул үч кызыктуу жагдайды кошуңуз:
1) Кыздардын көбү алгачкы жыныстык кошулууда кан чыкпаганын айтышат.
2) Кыздар кыздык белгини сактап калуу үчүн жыныстык катнаштын башка түрүнө бара алышат.
3) “Гименопластика” – кыздык белгини калыбына келтирүү операциясы. Өзүңдү баарынан кыйын деп жүрдүң беле? Ха-ха-ха...
Негизи эле кыздын тазалыгына арналган “телегония” деген илимий коомчулук чоң апаларыбыздын тушунда эле “илимий доктрина” деп таанылган.
Ошон үүчн кыз өзүнүн тазалыгын өзү гана билет жана өзү гана сактай алат.
2. Аялдар секс тууралуу эркектерден аз ойлошот
Ойбо-о-ой. Буга силерди ким ишендирди? Аялдар сексти эркектердей эле ойлошот. Бул башкалар айтып жүргөндөй глобалдаштыруу тренди эмес. Аны аныктоо үчүн аялга туура суроо бере билүү жетиштүү.
Кээде аялдар башка эч нерсени ойлобойт деп кабыл алат. Ооба, өспүрүм кезде жатса, турса эротикалык образдардан уйкусу качат. Бирок, стереотиптердин көпчүлүгү мындай – көрүнгөн менен жатууга даяр болсо да, өзүн өзү токтотуп кала алышат. Эркектерден аялдардын айырмасы эротикалык тартылуу менен чындыкты айырмалай билишет.
3. “Аңкыштаса — бул менин мыктылыгым!”
Адамдын кыйкырыгынын бир нече себеби болушу мүмкүн. Мүмкүн анын жанына батып кеткен чыгар. адатта аялдын бири жери ооруса, аны андан ары оорутуу жакшы иш эмес. Аял чыдашы мүмкүн. Бирок, муну эркектер тоону томкордум деп кабыл албагыла!
4. Секс тууралуу кээ бир темаларды сүйлөшпөш керек
Бул жаңыдан үйлөнгөн эркектерде көп көздешет. Секс тууралуу аңгемени бир гана ага жетүү жолу катары кароо – акмактык. Бул ишти кийин аялы менен жасоо да туура эмес. Андай учурда аялдардын көбү күйөөсү менен секс тууралуу сүйлөшүүдөн уялат. Ошон үчүн көпчүлүк аялдар форумдарда отурушат, төшөктөгү маселесин ар кимге талкуулатып...
5. Бир жолу төшөк даамын таткан кыз кайра-кайра эркек менен болууну каалай берет
Аялдар эркекти дайым кааламак түгүл, жыныстык катнаштын дал ортосунда каалабай калышы мүмкүн. Ал учурда ачуулануунун кереги жок. Анын себеби болушу мүмкүн. Гоманалдык жактан бузулуу, колоңсо, ооздон чыккан жагымсыз жыт, эркектин турсийиндеги “детский” сүрөт аялды токтотушу мүмкүн. Мунун баары себеп эмес дейсиңерби? Ал эми чындык бирөө гана – аял жыныстык катнаш тууралуу ар дайым эе ойлоно бербейт. Милдеттүү да эмес.
6. Жыныс кынынын кеңдигине байланыштуу ишеним
Ушудан өткөн калп жок. Бала төрөгөндөн кийин дагы мурдагы калыбына келе турган мүчөгө кандай сурак болушу мүмкүн? Кындын кеңдиги кулактын чоңдугу сыяктуу тубаса болот. Арийне, жаш өткөн сайын төрөгөн аялдарда кын булчуң эти толуп кеңейиши мүмкүн. Кандай болсо да, жыныс кыны төшөк оюндарынын көптүгүнөн кеңейбейт.