Жайдын ысык күндөрүндө суусунуңузду кандыруучу кызыл түстүү каркаденин кычкыл даамы дале оозуңузда болсо керек?! Бул суусундуктун башкалардан кандай өзгөчөлүгү бар, организмге пайдасы менен зыяны кандай? Даярдоо ыкмасы кандай? Ушул суроолорго жооп издейбиз.
Каркаде деген эмне?
Биз аны көбүнчө чай менен чаташтырып алабыз. Чынында ал – роза гүлүнүн жалбырактарынан даярдалуучу суусундук. Мындан башка кызыл чай, фараон суусундугу, Венеция гүлкайыры, гибискус деген аталыштары бар. Башында каркаде Египеттин салттуу суусундугу болгон. Кийин айланасындагы ысык аймактарга тарала баштаган. Азыр Европа өлкөлөрүндө да кеңири популярдуулукка ээ.
Каркаденин курамы
Каркаденин жагымдуу даамы гана эмес, сергитүүчү касиети менен пайдасы да көп. Эгер аны дайыма ичип турсаңыз, иммунитетиңиз жакшырып, организмиңиздеги оорулардан арыла баштайсыз. Бул анын курамындагы заттарга байланыштуу.
-Антоциандар. Кан басымды нормага келтирип, кан айлануу системасын жакшыртат.
-Флавонойддор. Мунун жардамы менен организм керексиз, ашыкча заттардан арылып, тазаланат.
-Витаминдер топтому. Имундук системаны, нерв системасын, ички органдарды, жүрөктү калыбына келтирип, иштөөсүн жөнгө салат. Натыйжада адам өзүн жакшы сезип калат. Чачыңыз, териңиз менен тырмагыңыз да жакшыра баштаганын байкайсыз.
-Гаммалин кислотасы. Кан курамындагы холестеринди азайтып, жөнгө салат. Ошондуктан, каркаде атеросклерозго жакшы дары болот.
Курамында мындан башка да макро, микроэлементтер, көмүрсуулар бар.
Каркаденин пайдасы
Кургатылган роза жалбырактарынан даярдалган суусундуктун төмөндөгүдөй пайдалары бар:
-Организмди жашартууга, жаштыкты узак мөөнөткө сактоого жардам берет;
-Онкологиялык оорулардын алдын алат;
-Суук тийүү, жугуштуу оорулар маалында (сасык тумоо) иммунитетти көтөрүп, күч берет. Эгер сасык тумоо жуктуруп алсаңыз, каркаде ичип, ысыгыңызды түшүрүүгө болот;
-Чарчоону басып, депрессиядан арылууга да жакшы жардам берет;
-Организди тазалайт;
-Арыктагысы келгендерге чайдын ордуна ичүү абдан пайдалуу;
-Кандын курамына жакшы таасир берет, гомоглабинди көтөрөт;
Каршы көрсөтмөлөрү
Пайдасы абдан көп болгону менен аны кээ бир адамдарга ичүүгө болбойт. Ошондуктан, алдын ала каршы көрсөтмөлөрү менен таанышканыңыз туура болот.
-Гастрит жана ашказан жарасы. Каркаде ашказан ашказан ширесинин кычкылдуулугун жогорулатат. Ошондуктан, дарыгер сунуштаган гана суусундукту колдонуу туура;
-Өттүн сезгенүүсү, табарсыкта таш болгон кезде;
-Аллергиясы бар адамдар да абайлап ичкени туура;
-Каркадени ысык кезинде ичүү кан басымды жогорулатат, ал эми муздак кезинде төмөндөтөт. Бирок, бул медицинада далилденген эмес. Ошондуктан, кан басымы бар адамдар да бул суусундуктан бар тартканы жакшы.
Каркедени кайнатуу ыкмалары
-Сууну кайнатып, кайнагандан кийин үстүнө каркаде жалбырактарын салабыз. 3 мүнөт кайнатып, отту өчүрөбүз. Бул ыкма менен кайнатылган суусундук түсүн, даамын сактап калат.
-1 чай кашык каркадени стакандагы кайнак сууга салып, 5-10 мүнөт демдеп коюңуз. Андан кийин иче берсе болот;
-Ысык аба ырайында суусундукту салкындатып ичкен пайдалуу. Жалбырактарды муздак сууга салып, отко коёбуз. Кайнайын дегенде астын өчүрөбүз. Каалаганча шекер кошуп, аралаштырып, муздатабыз. Муз кристаллдарын кошсо да болот.
Ден соолугубузга пайдалуу, керектүү тамак-аштар менен азыктануу – убакыттын өтүшү менен өз натыйжасын берет.Каркаде суусундугу тууралуу бир аз маалымат менен тааныштыңыз. Анда эмесе организмиңизди тазалап, жаштыгыңызды узак убакытка чейин сактаңыз.