6 мая 2019
“Бутум узун болуп көрүнүү үчүн не кылуу керек?”, “Арык көрүнүш үчүн кандай кийинүү керек?”, “Бети тегерек кыздарга кандай оюусу бар кофта кийүү керек?” – деген сыяктуу кыздардын суроолору эч качан түгөнбөйт. Кээ бирлерине бүгүн жооп беребиз.
- Агыш сары туфли менен кыска юбка бутуңузду узун кылып көрсөтөт;
- Жамбаштын толуктугун тигинен тигилген шымдар жашырып турат;
- Эгер белиңиз ички, жамбашыңыз жалпак болсо, клеш джинсы кийген жарашат;
- Узун көйнөк менен юбка боюңузду кыскартып көрсөтөт;
- Кийимдеги майда сүрөттөр кичирейтип көрсөтөт, ал эми чоң сүрөттөр чоңойтуп көрсөтөт;
- Формасы жок кийимдер фигураны бузат;
- Башы тоголок, такасы жок туфлилер бутуңузду ичке көрсөтөт;
- Учу учтуу туфлилер бутту толук көрсөтөт;
- Кара колготкилер буттарды бир-эки килого арык көрсөтөт, ал эми ал кара туфли менен айкалышканда буттар узара түшөт;
- Ачык түстүү колготкилер буттарды толук, ары кыска көрсөтөт;
- Ачык түстөгү блузка артыкчылыктарңызды да, кемчиликтериңизди да көрсөтпөйт экенин унутпаңыз;
- Эгер кийимдерди айкалыштыруу касиетиңиз жок болсо, классикалык стилге кайрылыңыз;
- Үч түс эрежеси: кийимде кийүүдө үчтөн ашык түс пайдаланбаңыз, болбосо элдин күлкүсүнө каласыз;
- Чач жасалгаңыз кийген кийимиңизге туура келиши керек;
- Эгер бир нече атырыңыз болсо, аны кийимге сеппеңиз, ал кийимде бир ай бою сакталышы мүмкүн;
- Бет түзүлүшү тегерек кыздарга V-түрүндө оюугу бар кийимдер, ал эми тегерек оюк чап жаак кыздарга жарашат;
- Бир стилдеги кийимди кие бербеңиз, анткени убакыт өтүп, анын кызыгы тарайт;
- Ботфорттор бутту кыскартып көрсөтөт;
- Футляр түрүндөгү көйнөк арык кыздарга да, толук кыздарга да жарашат.