Бала тарбиялоодо эненин ролу чоң болгону менен, айрым нерселерге атасы тарбиялаганы дурус болот. Өзгөчө уул тарбиялоодо.
Бала төрөлгөндөн тартып аны аны көбүнчө аялдар тегеректешет: бала бакчада, мектепте (бул 80% аялдар), үйдө – энеси жана чоң апасы. Аялдардын мээримине бөлөнгөн бала үчүн атасы менен баарлашуу өзгөчө орунда турат.
1. Бир гана ата баланы күчтүү болууга, турмушка туруштук берүүгө үйрөтө алат
бир гана ата өзүнүн жүрүм-туруму, мамилеси менен үлгү боло алат. Ата ганы ызага, куру намыска алдырбай, өзүнүн пикирин коргоого, керек жерде ак көңүл болууга үйрөтө алат.
2. Кантип жеңишке жетүүнүн жана жеңилүүнүн маанилүүлүгү тууралуу айтуу
Баланын досу көп болгону менен, анын үң жакын досу атасы болушу керек. Ата балага жеңиш ажана ага жетүү үчүн кыйынчылыктарга чыдоо керектигин жеткириши керек. Ошондой эле, жеңилүү – бул коркунуч эмес экендигин аташы түшүндүрөт.
3. Аялзатына кандай мамиле кылууну түшүндүрүү атанын милдети
Муну энеси деле айта алат, бирок ата өзүнүн мисалында көрсөтүүсү маанилүү. Мисалы, чогуу барып, энесине, эжесине беле алуу. Башка аялзатына дагы сылык-сыпаа мамиле кылганды дагы атасынан үйрөнөт.
4. Сүйүү тууралуу эркекче сүйлөшүү
Убакыттын өтүшү менен уул бала аял менен эркектин ортосунда боло турган күчтүү сезим тууралуу билиши керек. Бул темада атасы уулу менен өз убагында ачык сүйлөшүп, өз теңин тандоодо ашыгуунун кереги жоктугун айтышы керек.
5. Өз көз карашын кармануу
Бул үчүн чоң күч сарптоонун деле кереги жок. Болгону ата баласы менен болуп, ар дайым сүйлүшүп турушу керек. Ошондо бала да айланада болуп жаткан окуяларга карата чыныгы көз карашы калыптанат.
6. Мырзаларга тиешелүү иштерди аткаруу
Бир гана эркек киши жасай ала турган иштер бар. Мисалы, унаа оңдоо, үйдөгү эмеректерди оңдоо, отун жаруу ж.б. Мындан тышкары, сакал-мурутту туура алуу.
Жогоруда айтылгандардын баарын атасы уулуна үйрөтүшү маанилүү. Кийин ушунун баарын ал өз уулуна үйрөтөт.