Смартфон колдонуу балдардын кылый көздүүлүгүнө алып келет

5 мая 2019 Смартфон колдонуу балдардын кылый көздүүлүгүнө алып келет

Түштүк Кореялык врачтар изилдөө жүргүзүшүп, балдар менен жаш өспүрүмдөрдүн смартфондорду өтө эле узакка чейин колдонуусу кылый көздүүлүккө алып келерин аныкташты.

Изилдөө үчүн 7 ден 16 жашка чейинки балдар тартылган. Бардык респонденттер тажрыйбанын башталышына чейин кылыйлыктын белгиси жок көрүүлөрү жакшы болгон.

Окуучулар смартфонду төрт ай бою күнүнө алты саатка чейин активдүү колдонушкан.

Изилдөөнүн жыйынтыгында көрүү органдарынын абалын салыштырган анализ жүргүзүшкөн медиктер баардык ыктыярчыларда кылый көздүүлүктүн деңгээли 10 градуска жогорулаганын аныкташкан.

Андан кийин баарына гаджеттерди пайдалануу убактысын кескин азайтуу сунушталган жана бир айдан кийин оң жыйынтыктарга ээ болушкан.