Түштүк Кореяда порно ызы-чуунун жаңы толкуну башталды. Ушул жылдын башынан бери эле дааратканаларда жана башка жерлерде жашыруун камера менен тартылган видеолор саны 8000ге жеткен.
Технологиянын өнүгүүсү менен жашыруун камералардын көлөмү абдан кичирейди. Ал камераларды көбүнчө адистер да таппай келет. Баары 30 доллардын тегерегинде болот. Ошондуктан, бул камераларды коомдук дааратканаларга жайгаштырган учурлар күч алган.
Муну менен күрөшүү үчүн Сеулдун администрациясы даараткана тазалоочуларын күн сайын жашырылган гаждеттерди табууга милдеттендирген.
“Жашыруун камера менен порно” видеолорду түрдүү жайларда: кийим кийүүчү жайларда, дааратканаларда, кийим алмаштыруучу жайларда тартышып, порно-сайттарга жайгаштырышат. Көрчүлүк учурларда аялдар “технологиялардын курмандыгы” болуп келет.