Кулакчын
Адамдын кулагында ар кандай бактериялар болот. Бирөөнүн кулакчыны аркылуу сиз өзүңүзгө бактерия жуктуруп алышыңыз мүмкүн. Мындайда өмүр бою кулак тазалоо менен өтөсүз. Кулакчынды дайыма тазалап туруңуз.
Бигуди
Таракты башкаларга берүүгө болбой турганын баары билишет. Ошо сыяктуу эле бигуди менен да алмашуунун кереги жок. Жара менен бит чачка арналган каражаттар аркылуу жугат. Бул бигудиге да тиешелүү.
Помада
Герпес жарасы помада аркылуу жуга берет. Жара бир жукса андан арылуу оңой эмес. Эгер вирус жугуп үлгүргөн болсо, помаданын үстүнкү кабатын кесип алып салыңыз. Помаданын башын нымдуу кагаз менен аарчып туруңуз. Ал бактериялардан тазалоого жардам берет.
Дезодарант
Колтукка чачылуучу бирөөнүн дезодарантын такыр колдонууга болбойт. Дезодарант аркылуу адамга колоңсо жыты жугат. Ал бир жуккандан кийин канча жууса да кетпейт. Дезодарантты душтан кийин таза денеге коюуга аракет кылыңыз.
Сүлгү
Сүлгү аркылуу да адам денесиндеги кычыштырган котур менен бактериялар жуга берет. Бетти, колду аарчый турган сүлгүнү 3-4 күн сайын алмаштырып туруу керек. Ар бир аарчыган сайын кургатып туруңуз. Жуулгандан кийин үтүктөп алыңыз.
Тырмакка арналган нерселер
Каш тергич менен кайчы, эпилятор сыяктуу куралдарды ортодо колдонуунун кереги жок. Анда адам көзүнө көрүнбөгөн кандын тамчылары, котур жарасы, герпес болушу мүмкүн. Ар бир колдонгон сайын спирт менен аарчып туруңуз.
Териге кам көрүүгө арналган щетка
Щетканын ар бир кылында бактериялар менен теринин калдыктары болот. Ошол аркылуу адам бетиндеги безеткилер башкага жугушу мүмкүн. Аларды ар бир 2-3 айда алмаштырып туруу керек.
Үйдө кийилүүчү бут кийимдер
Конокко барганда үй ээси үйгө кийчү бут кийимдерди сунуштайт. Бут кийимдин ичи дайыма тердеп турат. Ошондуктан андагы бактериялар менен жыт бутка жугат. Котур, бактериялар айрыкча душтан чыккандан кийин кийген бут кийимде пайда болот. Бут кийимди дайыма жууп, ичин уксус суусу менен аарчып туруңуз.
Жеке тазалык үчүн кээ бир нерселерди жада калса жакындарыңызга да берүүгө болбойт.