Түркстан облусунун Мактарал районунун Фердауси мектебинде жети окуучу жоолугун чечүүдөн баш тартып, 29-январдан бери сабакка келбей жатат.
Фердауси айлынын жашоочусу Сайдакбар Мирзаев менен анын иниси мектеп жетекчилиги кароолчуга карата чара колдонбосо, кыздарын сабакка жибербей турганын билдирүүдө.
Мирзаевдин айтымында, мектеп күзөтчүсү кыздарына богооз сөз айткан, алар коркуп калышкан. Мектеп жетекчилиги айыптоолорду четке кагууда. Директор Жанар Мамырованын билдиришинче, кыздар жоолугун чечүүдөн баш тартышканы үчүн гана мектепке келбей жатышат.
— Жоолук оронууга тыюу салынгандан кийин кыздар мектепке баш кийимчен келишти. Сабакта баш кийим менен отурууга болбой турганын айтып, жоолуктарын чечтирдик. Эми түрлүү шылтоо менен ата-энелери аларды мектепке жибербей жатышат. Окуучулардын укугу бузулууда, – деди директор.
Облустук билим берүү департаменти мектепке кыздарын жибербеген ата-энелерге жети айлык эсептик көрсөткүчтөгү айыппул салды. Эгер айыппул бир айдын аралыгында төлөнбөсө, иш сотко өтөт.
2018-жылы сентябрда Фердауси айлында жоолукчан сегиз кыздын ата-энеси административдик жоопкерчиликке тартылган.
2016-жылы Казакстан Билим берүү министрлиги мектепке кайсы бир динге үгүттөгөн кийим кийип келүүгө тыюу салган буйрук чыгарган.