Москвада өлкө аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык кармалды

17 апреля 2019 Москвада өлкө аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык кармалды

Москва шаарында мамлекет аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын 30 жаштагы жараны кармалгандыгын ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Аны Россия менен Кыргызстандын ИИМи биргеликте иштешип кармаган.

Издөө салынган адамдын Баткен облусунда туулгандыгы жана алдамчылык үчүн айыпталгандыгы айтылды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, А.Б. аттуу адам бир нече жыл мурда аял кишинин ишенимине кирип, ири суммадагы акчасын доллар жана сом түрүндө алдап алып, из жашырып кеткен. Күтүп, издеп таппаган соң айласы кеткен жабырлануучу милицияга кайрылган. Тартип сакчылары алдамчылык, бирөөнүн мүлкүн алдамчылык менен алып алган деген кине менен ага издөө салган.

Эки мамлекеттин кызматташууларынын негизинде шектүүнү Кыргызстанга экстрадициялап, тартип коргоо органдарына өткөрүп берүү маселеси чечилген. Учурда ал Бишкекке жеткирилди.

Спутник Кыргызстан