Орусиянын колдоосу менен БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы 145 миң кенже класстардын окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылды.
2019-жылы БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БАП) Орусиянын каржылык колдоосу алдында мектептеги тамактанууну уюштуруу долбоорунун экинчи баскычын ишке ашырууга киришти. Программа төрт жылга эсептелген. Орусия Федерациясынын Өкмөтү ага 10 миллион доллардан ашык каражат бөлөт. Бүгүнкү күндө ысык тамак системасы республиканын 525 мектебине кигизилген. 145 миңден ашык кенже класстардын окуучулары түштөнүү менен камсыз болгон.
Келечектин багы
БУУнун БАП долбоорунун ктышуучуларынын бири – Чүй областынын Кемин районундагы Орловка кичи шаарынын мектеби. Окуу мекемеси Социалисттик эмгектин баатыры Григорий Кудряшовдун атын алып жүрөт, ал өз убагында жергиликтүү тоо-кен байытуучу комбинатын башкарган, анда коргошун казылып алынган.
Жакында эле өзгөчө акция болуп өттү – келечектин багын түптөө. Окууну бүтүп кетүүгө даярданып жаткан жогорку класстын окуучулары жүздөн ашык мөмө берүүчү бактарды отургузушту. Муну менен балдар өздөрү жөнүндө эстелик калтырышты, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк мектептердин ысык тамак күнүн белгилешти. Мектептин өзү бул программага эки жыл мурун кошулган.
- 2006-жылдан баштап биз мектепке ысык тамакты киргизүүгө өз алдынча аракет клыган элек, - деп эске салат окуу мекемесинин директору Павел Попов.
- Муну жасоо өтө кыйын болду. Бизде ашкана бар эле, бирок жабдуулар эскирип калган болчу. Дайыма эле бир нерсеси күйүп кетчү. Анын үстүнү электр энергиясы дагы абдан көп коротулчу, аны мектеп төлөөгө чамасы жок эле. Андан кийин Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы деген долбоор бар экенин билдик, табыштама берип койдук. Ал жактан адистер келип, биздин ашкананы көрүп, эстери ооп калды: ашканабыз сарай менен кампанын ортосундагы жайды элестетип турчу. Андан кийин жергиликтүү администрация кол кабыш кылып, ашкана үчүн акча таап беришти. БАПтын кызматкерлери жабдууларды киргизип, ашпозчуларды окуудан өткөрүштү. Жыйындар заын ашканага айландырууну чечтик, ал жакка суу түтүгүн киргиздик. Орусиялык тармактык тамактануу институту ыңгайлуу эмерек белек кылды. Тендер боюнча жергиликтүү фермерлерден азык-түлүк сатып алабыз. Кыскасы, биздин балдар даамдуу тамак-аштар менен тамактанып жатышат.
Мектептин ашкана чарбасын Гүлмира Коргуева жетектейт. Ал ишти абдан жакшы уюштурган, ага мыкты ресторандардын алдыңкы ашпозчулары да көз артышмак. Өзгөчө кенже класстардын окуучуларына анын повидло кошуп жасаган пирожзкиси жагат, аны түштө компот менен берет.
- Орусиянын тармактык тамактануу институту көптөгөн тамак бышыруунун жолдору жазылган китеп белек кылган, - дейт Гүлмира Коргуева. – Анда баары эске алынган – чийки азыктардын санынан баштап, даяр тамакка чейин. Ал эми бала балалыгын кылат: кимдир бирөө боткону жакшы көрсө, башкача борщту жакшы жейт. Биз балдарга эмне жакса, ошону жасоого аракет кылабыз, алардын табитин эске алууга аракет кылабыз. Ашканада үч киши иштейбиз. Бир убакта эки-үч классты тамактандырабыз. Баары болуп ар күнү 350 порция ысык тамак даярдайбыз.
Эми жакында мектепте өздөрүнүн мөмө-жемиштери пайда болот. Жогорку класстардын окуучулары отургузуп кеткен бактар үч жылдан кийин мөмө бере баштайт. Окуучулардын тамактануусуна варенье жана джем кошумган пирожки бере башташат. БУУнун БАП долбоорунан билдиргендей, Чүй областынын мектептеринде баары болуп үч миңзе жакын бак отургузулат.
Химиянын ордуна ашкана
Орловкадагы № 2 орто мектептин директору Галина Шакул үчүн БУУнун БАП долбоорунун катышуучусу болуу намыстын иши болгон. Ал акыркы вагонго жетише алган десе болот. Тармактын тамактануу институтунун өкүлдөрүнүн, БУУнун БАПтын жана жергиликтүү администарциянынны дээрлик эркине койбой, мектепти долбоорго кошуу талабы менен жат жазып, телефон чалып жадаткан.
- Советтик учурда баары борборлоштурулган эле, ал эми ал кулагындан кийин процессти өзүбүз жолго салууга туура келди. – Эмнени кандай кылышты эч ким билген эмес. Мектепке чейинки мекемелерде ысык тамак кандай уюштурулгандыгын көрүү үчүн мен балдар бакчаларын көрүп чыктым. Андан кийин биз кесиптештерибиз менен күн бир оокумга чейин менин иш бөлмөмдө отуруп, шак, май, башка азыктар канчадан кетерин таразада эсептеп жаттык. Андан кийин БУУнун БАП долбоору жөнүндө билип калдык. Программага Кемин районунун тогуз мектеби катышышы керек эле. Артыкчылык тамак-аш даярдоочу жайлар менен санитардык түйүндөр салыштырмалуу канааттандыраарлык абалда болгондорго берилди.
Директор ашкана катары кайсы жайды иштетүүгө болорун кабарлашып чечүү үчүн педагогдорду чогултат. Химия кабинетине токтолушат, ал жакка суу түтүгү киргизилген эле. Галина Шакул жергиликтүү администрацияга барат. Ал жактагылар колдоого алышып, ремонтко акча бөлүп беришет. Бир сөз менен айтканда, бир жарым айдын ичинде ашкана даяр болгон. Аны менен катар ашкананы дагы оңдоп-түзөөдөн өткөрүшкөн. Бүгүнкү күнү бул чарбаны башкы ашпозчу Любовь Дмитриева жетектейт. Башкысы, анын сөзү боюнча, азык-түлүктөр жаңы жана сапаттуу болушу керек.
- Мен дээрлик өмүр бою балдар бакчасында ашпозчу болуп иштеп келдим, ал жакта тамакка карай талап өтө бекем, - дейт Любовь Дмитриева. – Мектепте кыйла жеңил, анткени заманбап жабдуулар орнотулган, ал эми бул тамак даярдоо сапатына жана убактысына таасирин тийгизет. Таң нан менен таттуу токочтор же пирожкилер үчүн камыр журуу менен башталат, аларды өзүбүз бышырабыз. Кийинки күнгө менюну кечинде аныктайбыз. Башкысы – саат 10го баары даяр болушу үчүн убакытты так эсептөө. Суусундуктар жөнүндө айта турган болсок, биз толугу менен чайдан баш тартканбыз, балдарга мөмө-жемиштердин жана ит мурундун кагынан гана компот кайнатып беребиз. Ал биздин тегерек-четте көп, балдар дагы жыйнап келишет. Биз аларды кышкыга кыргатып алабыз.
Кийинки жумада № 2 мектептин жогорку класстарынын окуучулары дагы мөмөлүү бак отургузуу ниетинде. Жер бөлүнүп, тосуп да коюшкан, көчөттөр даяр жана алар үчүн жерда казылган.
Ийгиликтин эрежеси
Кыргызстанда мектеп тамак-ашын каржылоо тутуму мыйзам менен кепилденген. Документти парламентарийлер 2006-жылы канааттандырышкан. Бирок, окуучуларга процессти өз алдынча жолго салып берүүнү эч ким ойлонгон эмес.
Бюджеттен аз эмес акча бөлүнөт, бирок натыйжасын пайдаланылат. Себеби, көптөгөн мектептерде эскирип калган схема менен иштөөнү туура көргөндүктөн болсо керек. Региондорда, эреже болуп калгандай, жеткирүүчү аныкталып, аны менен бышырылган нан, токочторду жеткирүүгө келишим түзүлүп келген. Аны пакеттерге салынган чай менен ичүү сунушталчу. Тез, бирок пайдалуубу? Кырдаалды изилдеген эксперттер мектептерге меню түзүүгө өздөрү катышуу сунушталган.
БУУнун БАП долбоорунун Өнүгүү демилгелеринин агенттигинин адистери пилоттук мектептерде комплекстик баалоону биргелешип жүргүзүшкөн. Алардын маалыматы боюнча, азыр программага кошулган окуу жайлардын 60 пайыздан ашыгынын өз багы, дээрлик 40 пайызында – бакчасы бар жана баары өздөрүнүн түшүмүн мектептин тамак-ашын уюштуруу үчүн колдонушат.
Баса, азыр айрым айылдык мектептерде мал кармашат жана бал челектери бар. Ашканаларында сүт, эт, жумуртка болот. Туурасы, айрым жергиликтүү бийлик органдары окуу жайлардын чарбасына активдүү жардам берип келет.
Түшүндүрмө
Андреа Баньоли, Кыргыз Республикасындагы БУУнун БАП долбоорунун өлкөлүк директору:
- БУУнун БАП долбоору дүйнөнүн 70тен ашык өлкөсүндөгү мектептерде ысык тамактарды уюштуруу долбоору боюнча иштеп келет. Биз кенже класстардын окуучулары үчүн ысык тамактарды оптималдаштыруу боюнча программаны 2013-жылы Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте киргизгенбиз. Мамлекет окуучулардын тамак-ашына бөлгөн акчаны таттуу токоч менен чайга эмес, толук кандуу тамактарга – боткого, шорпого, салатка, бышырылган токочторго коротуу болуп саналат.
Мектептердин мүмкүнчүлүгүнө баалоо жүргүзүлгөн учурда дээрлик бардык жерде ашкана жабдуулары эскиргени, кадимки шарттар – суу жана канализация жок экендиги аныкталган. Ошондуктан, долбоорго катышкан мектептерде жергиликтүү бийликтин колдоосу менен ремонт жүргүзүлгөн. Суу түтүктөрүн киргизип, электро жабдууларын реконструкциядан өткөрүшкөн. Орусиянын колдоосу алдында БУУнун БАП линиясы боюнча заманбап ашкана жабдуулары, бышыруучу шкафтар, плиталар, идиш жуучу машиналар орнотулган. Тамактардын оптималдуу рецептерин түзүү үчүн ашпозчуларды окутуудан өткөрдүк. Анткени, балдар жеген тамак-аштын баары даамдуу эле болбой, тоюмдуу, а башкысы – пайдалуу болушу керек. Жалпы жолунан программанын алкагында биринчи тамактан баштап, суусундуктарга чейин 144 рецепт иштелип чыккан.