Тобокелдикдер канча турат: Кыргызстанга биологиялык лаборатория керекби?

31 октября 2018

“Эгер Казакстанда ушундай лаборатория бар болсо, анда Астана бардык “артыкчылыктар” менен “кемчиликтерди” эске алып, өз өлкөсү үчүн мындай долбоордун зарылчылыгы тууралуу жыйынтыкка келген. Бирок, Кыргызстанда мындай демилгени көтөрбөй эле койгон жакшы”,  -деп “Альфа” атайын бөлүктүн эл аралык ардагерлер ассоциациясынын президенти Юрий Погиба айтты.

2017-жылы ачылган лабораторияда өзгөчө коркунучтуу инфекциялардын штаммдары сакталган. Буга окшош объектини 2011-жылы Кыргызстанда ачууну каалашкан, бирок анда демилгени сынга алышкан.

Погибанын айтымында, “ушундай деңгээлдеги ар бир объект коопсуздуктун критерийлерине туура келип, коммерциялык жана илимий көз караштан пайдалуу болуш керек жана эл аралык келишимдерге катышуу алкагында өлкө кабыл алган милдеттенмелерге карама-каршы келбеши керек”.

“Бишкекке ушундай объект керекби? Күмөн санайм. Бул жерде иш геосаясий кызыкчылыктарда жана тышкы оюнчулардын каршы туруусунда эмес. Жалпылап алганда – бул консприрология аймагынын болжолу.

Мен маселенин практикалык жактарын эмес, тактап айтканда, тышкы коркунучтардан коопсуздукту камсыз кылууну белгилегим келет”, - деп баса айтты серепчи.

Погибанын сөзү боюнча, бир жагынан ар бир ушундай объект стратегиялык мааниге болот жана бул статуска ылайык анын коопсуздугу камсыз кылынат. Экинчи жагынан, мындай лаборатория “террордук топтордун кызыкчылыгын пайда кылган объекти” болмокчу.

“Долбоор мамлекетке миллиондогон пайда алып келсе да, саясатчылар жарандардын коопсуздугу үчүн тобокелге барууга даярбы? Жарандардын тынчтыгы коммерциялык пайдага караганда маанилүү болуп чыкты”, - деди ал.

Серепчи мындай маселелерде карапайым элдин пикирин угуу зарыл деп эсептейт. Анткени, мындай талкуулардын козголушу мыйзам ченемдүү көрүнүш жана көп учурда өзүн-өзү актайт.

“Кээде жөнөкөй адамдар кээ бир саясатчыларга караганда акылга сыярлык ой жүгүртүшөт”, - деп “Альфа” атайын бөлүктүн эл аралык ардагерлер ассоциациясынын президенти сөзүн жыйынтыктады.

Булак: http://stanradar.com/news/full/31616-skolko-stojat-riski-nuzhna-li-kyrgyzstanu-biologicheskaja-laboratorija.html?fbclid=IwAR1keHg3k6Db4TlxinND7QqeL5fvvXJ3xSiBSUh5eLZm8i5bdK2d3-6u0jc