Сауд Арабияда укук коргоочу аялдын башын кесип салышты

30 октября 2018

Сауд Арабиясында Исра Аль-Хомгамдын (Israaal-Ghomgham) өкмөткө каршы нааразылык акциясына катышканы үчүн башы кесилди. Бул тууралуу Daily Mail кабарлайт.

Белгилүү болгондой, ал Катиф шаарындагы демонстрацияга катышкан жана ошол эле жерден камакка алынган. Ал бир нече жылдар аралыгындагы өлүм жазасына кесилген биринчи аял экендигин белгилей кетүү керек.

Нараазылыкка катышкан дагы ондогон укук коргоочулар өкүмдү күтүүдө.

29 жаштагы Исранын 2015-жылы күйөөсү жана дагы төрт активист “бийликке баш ийбегени” үчүн камакка алынган. Өкүм 20-августта аткарылган.

Булак: https://pikabu.ru/story/v_saudovskoy_aravii_obezglavili_zhenshchinupravozashchitnitsu_6106227