Серепчи: Радикалдардын Борбордук Азияны туруксуздаштыруу ою таш капты

12 февраля 2019 Серепчи: Радикалдардын Борбордук Азияны туруксуздаштыруу ою таш капты

2018-жыл Орусияда жана башка ЖККУ өлкөлөрүндө ири аскердик жана терроризмге каршы машыгуулар менен эсте калды, алар кырдаалды сырттан болгон түрдүү туруксуздаштыруу аракети катуу көзөмөлгө алынарын көрсөттү. 2019-жылы Москва Борбордук Азиянын коопсуздугун бекемдөөгө жардам көрсөтүүнү улантат. Орусиянын ТИМнин башчысы Сергей Лавров Орусия кыргыз кесиптештери менен экинчи орусиялык базаны жайгашытруу жөнүндө демилгени талкуулоого даяр экендигин билдирди. АКШ Ооганстандан өзүнүн аскерлерин алып чыгып кетебиз деп сөз бергенден баштап актуалдуу боло баштады, анткени бул региондогу кырдаалды болжолдоону татаалдаштырат. Борбордук Азиядагы коопсуздук чөйрөсүндөгү азыркы кырдаалды жана ушул чөйрөдөгү окуялардын өнүгүү келечегин кенирээк кыргыз саясат таануучусу Марс Сариев талдап чыкты.  

- Марс Осмонкулович, Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн коопсуздук чөйрөсүндө 2018-жылдын жыйынтыгы кандай жана келечекте эмнени күтүүгө болот?

- Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн, анын ичинде Кыргызстан үчүн жылдын жыйынтыгы жакшы деп айтууга болот. Эң кооптуу учур – Тоолуу Бадахшандагы (Тажикстандагы) кооптуу кырдаал – артта калды. Анткени, бул глобалдуу оюнчулардын узак ойнотулган комбинациясы болду.

Ооганстанда мурункудай эле туруксуз абал, ал жакта сирия фронтунан ИГИЛдин террористтерин алып келип жайгаштыруу жүрүп жатат, ошондуктан Тоолуу бадахшандагы кырдаалдын чыңалуусу бул узакка ойногон максаттар менен дагы бир участоктогу системалуу провокация болду. Бирок, азыр өтө мүмкүн болгон күчтүк варианттан качып кетүүгө болгондугуна биз күбө болуп жатабыз. Мен тажикстандагы кырдаал кайсы бир деңгээлде турукташты деп ойлойм.

ЖККУ Кыргызстанда жана Тажикстанда өткөн аскердик машыгуулар аркылуу сырттан кол салуу  ийгиликке алып келбейт экенин көрсөттү. Бул мааниде мен Азиядагы уюмга мүчө өлкөлөрдүн бардык чек араларынын узактыгы боюнча Түркмөнстанды дагы кошкондо оорук өтө бекем жабылды деп ойлойм.

Ошондуктан, аскердик мааниде бул жыл абдан жакшы аяктады деп эсептекйм. Мүмкүн болгон провокацияларга карабай, бардык катышуучуларда адекватуу мамиле болду.

ЖККУ – бул адекваттуу жана превентивдүү иштеген уюм деп айтууга болот. Региондогу кырдаалды туруксуздаштиыруучу жалгыз нерсе – бул ички экстремисттик ячейкалардын активдешүүсү жана ичтен радикализмде ойноо аракеттери.

Мен бул жерде иш Борбордук Азияда деле эмес, Орусиядагы кырдаалдын өзү бир жактуу эмес деп ойлойм. Борбордук Азия багыты кыйла турукташканын баары байкашты, ал эми ушул эле учурда батыш багытындагы Украинанын чек арасында катуу курчуу жүрдү.

Ошондуктан, Борбордук Азияны туруксуздаштыруу аракети кыйрады, ал эми Орусия системалуу мамиле жасап, чек аранын бардык периметри боюнча өзүнүн ресурстарын бөлүштүрүшү керек деп ойлойм.

- Stratfor аналитикалык агенттиги 2019-жылы АКШ орусиялык периферияны туруксуздаштырат деп болжолдогон эле. Сиз буга кандай пикир айтасыз?

- Борбордук чалгындоо башкармалыгы, Stratfor уюму деп аталгандар бир эле божомолдобой, кырдаалды дагы моделдештирет, Орусиянын түштүк жагында кырдаал туруксуздашат деп айтып турушат. Эгер алар минтип айтып жатышса, демек түштүк чек аралар жабылган, ал эми кырдаалдын курчуусу башка багытта болот.

Бул жаатта ЖККУнун өлкөлөрү күн мурун сактануунун бардык зарыл болгон чараларын кабыл алышты. Мен Ооганстан тарабынан массалык провокациянын себептерин көргөн жокмун. Туурасы, түркмөн багыты дагы бар, бирок ал жакта өзүнүн өзгөчөлүгү бар, Ашхабаддын Орусия менен аскердик чөйрөдө өзгөчө эки тараптуу макулдашуусу бар. Ошондуктан, ал жакта дагы салыштырмалуу кырдаал туруктуу, анткен менен түркмөн-ооган чек арасындагы абал кооптонууну пайда кылат.

- Ушул жылы ЖМКларда Кытайдан батыш провинцияларында (Чыгыш Түркстан) миллиондогон жергиликтүү түрк/мусулман калкын концлагерлерге камап жатат деген көптөгөн билдирүүлөр пайда болду, мындан улам Кыргызстанда кытай элчилигинин алдында митинг болуп өттү. Ал жакта чынында эмне болуп жаткандыгы тууралуу сизде маалымат барбы?

- Бул тема боюнча белгилүү бир маалымат бар, анткен менен албетте, мен ошол жакта өзүм болуп, кырдаалды өзүм бааласам жакшы болмок. Бирок, күчтүү саясат таануучу-кытай таануучулар бар, алар объективдүү баа беришет.

Мен акыркы жолу Кытайда болгон учурда жана Тибеттен келген Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун жаңы жетекчилигинин өкүлдөрү менен жолуккан учурда бул жолдоштор абдан катуу маанайда экендигине көңүл бургам. Мындай риториканы мен мурда байкаган эмес элем, байкалаганы боюнча Тибеттин иажрыйбасы Синьцзянга өткөн.    

Бир жагынан өтө кубаттуу кытайга каршы  пропаганда жүрүп жатат, батыштын ЖМКлары тарабынан бул тема аша чаап көрсөтүлүүдө. Дал ошолор ушул эмгек легерлерин концлагер деп элететишүүдө. Ооба, мусулман калкын массалык түрдө жайгаштырган лагерлер бар, бир эле уйгурларды эмес, кыргыздарды, казактарды, дунгандарды жана башкаларды. Ал жакка Кытайдагы христиан азчылыгынын өкүлдөрүн дагы жайгаштырышууда, аларды дагы расмий түрдө  “кайра тарбиялоо” деп аталган лагерлерге камашууда.

Менин оюмча, Кытайда башка жол жок. Алар Синьцзянга кытай цивилизациясын жана маданиятын интгерациялоого болбойт экенине көздөрү жетти, анткени жабык коом кошулууну, аралашууну каалабайт. Ошондуктан, бул лагерлерде аларга кытай маданиятын сиңирүүгө жана ошол эле учурда аларга белгилүү бир кесипти берүүгө  аракет кылып жатышат.

Анткени, Синьцзяндагы уйгурлар кесипке ээ эмес жана Кытайдын тез өнүгүп жаткан экономикасында жакшы жумуш таба алышпайт, муну менен коомдон сыртта калууда. Ошондуктан, ушул лагерлерде аларды массалык түрдө жыгач усталыкка, электрик, ширетүүчү жана башка кесиптерге окутуп жатышат.

Мен мында Кытайдын өзүнүн логикасы бар деп ишенем жана аны туура түшүнүү керек, бирок экинчи жагынан Кытай, албетте, Оруэлл боюнча электрондук полициялык мамлекетке айланып баратат (өзгөчө Синьцзянда) – бардык жакта жалпы аңдуу жүрүп жатат. Жада калса алардын үй-бүлөлөрүндө абалды аңдыган кытай активисттери жашап жатышат.

Бирок, Кытай баарынан мурун аларды интеграциялоону каалап жатат, ал мусулмандарды деги эле жок кылып, кырып жиберүүгө аракет кылган жок, ал кытай провинциясы катары региондун кытай цивилизациясына кошулуусу үчүн сактап калуунун аракетин көрүп жатат. Бирок, улуттук азчылыктар алардын дини жана эьтникалык жекелиги менен бул процесстер такыр жакпай жатат. Бул жерде эки чындык бар, ар бир адамда ал өзүнүкү.

- Кийинки жылга карата коопсуздук чөйрөсү боюнча сиздин божомолуңуз кандай? Өзгөчө, Доанльд Трамп Ооганстандан өзүнүн аскерлерин чыгарып кетем деген кийин.

- Эгер америкалык аскерлер Ооганстандан кете турган болсо, анда, албетте, талибдер башчылык кылат. ИГИЛге ал жакта орун калбайт, жыйынтыгында туруктуулук пайда болот. Анткени, бул өлкөдө жаңжал көпчүлүк учурда бир жагынан улуттук азчылыктар (тажик, өзбек, түркмөн, хазар) менен экинчи жагынан пуштундардын пикир келишпестиктери менен байланышкан. Пуштундардан “Талибан” кыймылы түзүлгөн.

Пуштундар – бул мамалекет түзүүчү титулдук улут. Эгер америкалыктар кетсе, анда албетте, катуу ислам режими орнойт, бирок мен кырдаал начарлап кетет деп ойлобойм. Тынчтыкты жөнгө салуу үчүн талибдердин биринчи талабы – бул өлкөдөн бардык чет элдик аскерлерди чыгаруу.

Биз өз чек араларыбызды бекемдешибиз керек, анткени Ооганстанда тынчтык орногон учурда ал жакта жүргөн Кавказдан, Волга боюнан, Борбордук Азиядан чыккандар үчүн орун калбай калат. Алар мурункудай бул өлкөдө жүрө албай калышат жана түрдүү жолдор менен тарыхый мекенине, башкача айтканда кайрадан бизге келүүгө аракет кылат.

Балык: http://eurasia.expert/popytka-radikalov-destabilizirovat-tsentralnuyu-aziyu-provalilas/?fbclid=IwAR0ANsChRU9kIgSMJsSghibOc782ddeB5IuuOpHy6IL0UsEV1QSHdsGAZ-8