Фархад Бекманбетов 1976-жылы 26-мартта Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кара-Сай айылында туулган.
Билими:
1993-1998 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде "Финансы жана насыя" адистиги боюнча билим алган;
2005-2008 — Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында "Юриспруденция" адистиги боюнча билимин жогорулаткан;
Иш тажрыйбасы:
1998 – 2001 — жеке компанияда экономист-эсепчи;
2001-2006 — жеке компаниянын жетекчиси;
2006 — "Айтыш-фильм" киностудиясынын продюсери;
2008 — "Айтыш" коомдук фондунун жетекчиси;
2013 — КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы жана мүчөсү;
2016 — Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин орун басары;
2019 — Абубакир Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик цирктин директору.
Фархад Бекманбетов 30га чукул кыска метраждуу, 4 анимациялык, 5 толук метраждуу тасманын жана ошондой эле тарыхый "Курманжан датка" фильминин продюсери.
Үй-бүлөлүү.
Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Эркин Садыков