Күрөөканаларга карыз берүүнүн 60 күндүк мөөнөтүн белгилөө зарылчылыгы келип чыккан.
Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 22-ноябрында кабыл алынган.
Бул аталган мыйзамдын 11-беренесинин жоболорун Жарандык кодекстин 341-беренесине ылайык келтирүү максатында кабыл алынган.
Мыйзамда көпчүлүк жарандар үй-жайын, унаасын, дагы башка баалуу мүлкүн күрөөканаларга өткөрүп берип, кийин аларды кайрый албай калган учурлар эске алынган. Ошондон улам эгер кардар убагында карызын төлөй албай калса, домбарддар анын күрөөгө койгон мүлкүн дагы 60 күн кармап турууга милдеттендирилди.
Эгерде алынган каражат сүйлөшүлгөн мөөнөттө кайтарылбаса, кардар жеңилдик берилген 30 күндүн ичинде кутулса болот. Бул мезгил ичинде ломбарддын пайыздык үстөктүн акчасын көтөргөнгө укугу болбойт. Андан сырткары, сактап турганы үчүн да акча ала албайт.
"Мурдагы окуулардын жүрүшүндө айрым депутаттар тарабынан карапайым калк муктаждыктан улам күрөөканаларга алданып, мүлкүнөн айрылып жатканын жүйө келтиришкен. Жарандардын укугун коргоо жаатында тиешелүү чараларды көрүп, алардын ишине көзөмөлдү күчөтүү учур талабы экени белгиленген", — деп айтылат ЖКнын сайтында.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Михаил Воскресенский