Борбордук Азия өлкөлөрү бири-бирин толуктап, өз ара жана коңшу Ооганстан менен тарыхый жактан экономикалык тыгыз байланышта. Өзгөчө ролду уникалдуу Кытайдан Европага чейин созулган соода жолдорундагы географиялык абалы ойногон. Азыркы шарттарда көз карандысыз республикалар жеке өнөр жайын өнүктүрүп, энергоресурстарды өндүрүшү керек. Ушул жол менен гана өлкөлөр Кытай менен Орусияга болгон көз карандылыкты азайта алышат.
Региондун туруктуу өнүгүүсү үчүн чоң тоскоолдук болуп Ооганстандагы оор абал саналат, андагы туруксуздук маанилүү инфра түзүмдүк долбоорлордун ишке ашуусуна тоскоолдук кылып жатат. Акыркы маалыматтар боюнча Кабул өкмөтү өлкөнүн аймагынын жарамынан өз бөлүгүн контролдоп жатат, айыл жана тоолуу жерлерде Талибан көзөмөлдүк кылууда.
Ошондуктан, азырынча Ооганстандагы кырдаал жөнгө салынмайынча, 2015-жылы АКШнын мамлекеттик катчысы Джон Керри тарабынан ишке киргизилген С5+1 геосаясий долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сөз кылуунун анчалык кажети жок. Ушул аянтчада диалог тышкы иштер министрлигинин деңгээлинде ишке ашып жатканда, андагы бир топ пайданы көрбөй бардык тараптардын кызыкчылыгы төмөн экендигин билдирет.
Долбоорду Ооганстандагы кырдаал турукташтыра алат. 2018-жылы мурун болуп көрбөгөндөй талибдер менен сүйлөшүү аракети активдешти, согушкерлердин делегациясы Ташкентте жана Москвада болууга үлгүрүштү. Бул сүйлөшүүлөр үчүн жаңы аянтча табуу жана тынчтык менен жөнгө салуу аракетинен келип чыкты, анткени америкалыктардын Катардагы алардын расмий кеңсеси аркылуу сүйлөшүү жүргүзүү аракети азырынча эч кандай жыйынтык берген жок.
Талибдердин башкы шарты – бардык чет элдик аскерлерди чыгаруу, аны азыркы президент Дональд Трамптын ишке ашырышы мүмкүн. Ал өзүнүн сырткы саясатында АКШнын каржылык чыгымга алып келген аскердик жаңжалдарга катышуусун кыскартууга аракет кылып жатат. Трамп Сириядан америкалык аскерлер жакында чыгарылып кетери жөнүндө билдирди, эми ушундай эле кадамды Ооганстанга карата күтүүгө болот.
Эгер Ооганстанда чын эле тынчтыкка жетүү мүмкүн болсо, бул демилгелүү энергетикалык жана транспорттук долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кеңири мүмкүнчүлүк ачат. Алар Борбордук Азиянын жакыр өлкөлөрүнүн бюджетине чоң киреше алып келип, андан аркы интеграция үчүн кызмат кылат.
CASA-1000 долбоору
Долбоорду ишке ашыруу 1 миллиард АКШ долларынын тегерегиндеги акчаны түзөт. Долбоор Кыргызстандан жана Тажикстандан коңшу Ооганстанга жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоону карайт (келечекте Индияга дагы). Бүткүл дүйнөлүк банктын, Европа инвестициялык банктын жана Ислам өнүктүрүү банкынын насыялык каражатына куруу пландалып жатат. бир катар ири дүйнөлүк банктар андагы өтө чоң тобокелдиктерди көрүп, каржылоодон баш тартты.
Ушул жылдын 20-21-сентябрында Алма-ата шаарында биргелешкен жумушчу топтун жана CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу боюнча Өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отуруму өттү. Анда курулуштун башталыш күнү мындан ары 21-сентябрь болуп экептелсин деп айтылды, анткени Тажикстандагы Сангтуда жана Пакистандагы Ноушера конвертердук станциялары боюнча келишимге кол коюу менен байланыштырышты.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча катышуучулар Генералдык макулдашуунун күчүнө кирүүссү жөнүнүдө дагы сүйлөшүштү, анткени бардык болжолдуу шарттар аткарылды жана CASA-1000ге катышуучу өлкөлөрдүн өкмөттүк кепилдиги менен алмашуу жүргүзүлгөн.
Долбоордун расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, долбоорду ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөрдү куруу керек:
- 500 кВ кубаттуулугу менен Датка” көмөк чордонунан “Сунг-500гө” чейинки электер өткөрүү чубалгыларын (477 км);
- Сангтудда 1300 мВт өткөрүү жөндөмдүүлүг менен конвертердик көмөк чордон;
- Сангтуддан Новшерге чейин 750 кмге созулган туруктуу агым менен жогорку вольттуу электер өткөрүү чубалгыларын;
- Новшерде 1300 мВт өткөрүү жөндөмдүүлүг менен конвертердик көмөк чордон.
Эми демилгелүү пландарды толук кандуу ишке ашыруу үчүн эки гана нерсе жетишпейт – каржылоо кепилдиги жана Ооагнстандын аймагы боюнча коопсуз коридор. Ийгиликтүү ишке ашса, бул электр энергиясын сатуудан валюталаык киреше алып келген Кыргызстан менен Тажикстандын таңкыс бюджетин толуктоого мүмкүндүк берет.
Анын үстүнө, ушул долбоорду ишке ашырууга баарынан да Тажикстан абдан кызыктар, ал акыр аягы өзүнүн “кылымга тете курулушун” дээрлик бүтүрдү жана Рогун ГЭСинин биринчи агрегатын ишке киргизди. Рогун келечекте электр энергиясын чет өлкөгө экспорттоо максатында курулган, ушул жол менен гана бүткүл Тажикстандан акча чогултулуп курулган кымбат баалуу ГЭС өзүн өзү актай алат.
Борбордук Азиянын ГЭСтеринин бир кемчилиги бар, бул суу тартылган мезгил (негизи кышкысын), анда чоң көлөмдөгү электр энергиясын иштеп чыгуу мүмкүн болбой калат. Бул туруксуз жеткирүүлөргө алып келет. Келечекте бул көйгөйдү жарым-жартылай Өзбекстан чечиши мүмкүн. Ал Орусия менен атомдук электростанциясын куруу жөнүндө макулдашууга жетишти. Теориялык жактан АЭСтен жеткирүүлөр тажик жана кыргыз ГЭСтеринен төмөндөгөн мезгилдик кубаттуулуктардын ордун толтура алат.
Бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден кийин расмий Ташкент регионалдык долбоорлордун өнүгүүсүнө кызыктар экендигин көрсөтүүдө жана аларга катышууга даяр. Ошондуктан, бул багыттагы сүйлөшүүлөр абдан келечектүү.
ТАПИ
Региондогу башка дагы демилгелүү энергетикалык долбоор бул “Түкмөнстан-Ооганстан-Пакистан-Индия” газ түтүгү. Долбоордун кубаттуулугу – жылына 33 млрд куб метр газды түзөт, баасы 10 миллиард доллар турат.
Бул газ түтүгү бардык катышуучулар үчүн абдан пайдалуу болмок. Ашхабад азыркы учурда бир гана Кытайга эбак түзүлгөн келишим боюнча газ сатып жатат. болгондо да, айрым учурларда бекер берүүдө, анткени жаңы газ иштетүү үчүн кытайдан алынган насыяларды катырып жатат.
Европага болгон экспорт “Газпром” менен жабылган, аны менен түркмөндөр эч баа жөнүндө сүйлөшө албай келет. Иранга болгон жеткирүүлөр да ушундай эле проблемадан улам токтоп калган. Потенциалдуу транскаспий газ түтүгү жакынкы жана кыска мөөнөттүү келечекте мүмкүн эмес.
Ашхабад үчүн экспорттун жалгыз альтернативасы болуп түштүк багыт саналат, ал жакка газ абдан керек жана ал жакта долбоорду ишке ашыруу үчүн геосаясий тоскоолдуктар жок. Тескерисинче, Орусия жана АКШ сыяктуу өлкөлөр ар бири өздөрүнүн себептери менен бул долбоорду колдоп келишет.
“Газпром” ТАПИден түркмөн газы өтө турган газ түтүктөрүн көрөт, анда анын коммерциялык кызыкчылыгы жок. Муну менен, Европа менен Кытайдын газ рыногундагы атаандаштык төмөндөйт. Пайдасы түркмөн казнасына кошумча киреше Гурбангулы Бердымухаммедовдун режимин турукташтырууга мүмкүндүк берет, ал өзүнүн жетекчилиги менен бай өлкөнү азык-түлүк дүкөндөрдөгү кезекке жеткирди.
Өз кезегинде АКШ башка газ державасы – Иранды бардык күч менен обочолоого аракет кылып жатат. Иран көптөн бери Пакистан менен Индияга газды экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. Индиянын ири рыногуна иран газ түтүктөрүн төшөөгө жол бербөөгө аракет кылып, АКШ ТАПИнын курулушун баарынан көп колдоп жатат.
Курулуштагы башкы тоскоолдук болуп согушуп бүтпөгөн Ооганстан саналат. Газ түтүктөрүн анан бардык аймагы (анын ичинде абдан туруксуз түштүк провинциялары) боюнча төшөө талибдер менен сүйлөшүүсүз жана ушул өлкөдөгү Ислам мамлекетинин согушкерлерин жок кылмайынча мүмкүн эмес.
Газды дүйнөдө колдонуу өсүп жатат жана тездик менен өнүгүп жаткан Пакистан менен Индия көгүлтүр отунга барган сайын өтө муктаж болуп жатат. Перс булуңундагы өлкөлөрдөн суюктукка айландырылган газды кымбат сатып алуу күчөп жаткан суроо-талапты толугу менен канааттандыра албайт. Ошондуктан, жакынкы келечекте Ооганстанда тынчтык орнобосо дагы ТАПИнын актуалдуулугу өсүп гана отурат.
“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу
Миң жыл мурун Борбордук Азия аркылуу ислам мамлекеттери жана андан ары Европага Кытайдан Улуу жибек жолу өткөн. Деңиз соодасынын өсүүсү менен ушул байыркы соода жолу иштебей калган. Эми азыр аны кайра жандандыруу мүмкүнчүлүгү пайда болду.
Кытайдан Кыргызстанга жана андан ары Өзбекстанга, башка өлкөлөргө темир жол куруу жөнүндө сүйлөшүүлөр жыйырма жылдан ашык жүргүзүлүп келет. Кытай өзүнүн товарларынын экспортун диверсификациялоого аракет кылып жатат. Анткени, экспорттун чоң бөлүгү деңиз жолу аркылуу ишке ашырылат. Ал мүмкүн болуучу АКШ жана башка деңиз державалары менен жаңжалдан улам начар болуп саналат.
2002-жылы кытай тарап долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап чыккан, темир жолдун болжолдонгон маршруту аныкталган. Тоолуу рельефтен улам курулуштун эң татаал участогу Кыргызстанга туура келет, Кыргызстан боюнча маршруттун узактыгы 268 километрди түзөт. Долбоор ондогон көпүрөлөрдүн жана тоннелдердун курулушун караштырат. Буусы 2 миллиард долларга бааланган – Бишкек үчүн абдан чоң сумма.
Экспортко багытталган кытай экономикасы үчүн Жакынкы Чыгыш жана Европа өлкөлөрү менен соода мамилесин сактап калуу абдан маанилүү. Бирок, темир жолдун курулушу жолдун көлөмүнөн каржылоонун кепилдигине чейин барып такалат. Пекин долбоорду толук каржылоого даяр, бирок инвестор катары эмес, насыячы катары салым салууга ниеттенүүдө. Аны менен салынган каражаттардын кайтарылуусун, же кен байлыктарды иштетүүгө кепилдиктерди талап кыла алат. Бул дароо эле Кыргызстандын калкынын нааразычылыгын пайда кылды.
Долбоор ишке ашып калса, жаңы темир жол Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн Иран, Түркия жана түштүк Европа багытындагы жаңы рынокторду ачып берет, алардын жеткиликтүүлүгү логистикалык жактан жеңил болот. Индустриалдык жактан жаңыдан өнүгүп жаткан өзбек экономикасы өндүрүштү өнүктүрүү үчүн жаңы дем алат, бул башка өлкөлөрдү өзүнүн артынан тартууга коломотив болуп калышы мүмкүн.
Борбордук Азия менен Ооганстандын башка транспорттук маршруттары
2013-жылы үч өлкөнүн президенттери тарабынан “Түркмөнстан-Ооганстан-Тажикстан” темир жолунун курулушу жөнүндөгү меморандумга кол коюлган. Бул планды баарынан да Тажикстандын жетекчилиги колдогон, ал дээрлик Өзбекстандын каршылыгынан улам транспорттук блокадада болчу.
Тажикстандын бардык темир жол билдирүүлөрү Өзбекстан менен байланыштырылгандыктан, бул маршруттун кезектеп жабылуусу абдан оор болчу. Ислам Каримов тирүү кезинде Дүйшөмбү жаңы логистикалык маршруттарды издеп келген, Өзбекстандын бийлигине жаңы жетекчилик келгенден тартып, ал маршруттун актуалдуулугу тажик тарап үчүн төмөндөп кетти.
Эми Ооганстанды түрткүлөө калды, ал сооданы өнүктүрүү үчүн кандайдыр бир транспорттук жолдорду издеп жатат.
Анын үстүнө, “Түркмөнстан-Ооганстан-Тажикстан” темир жолу башка кыйла ири долбоорго органикалык жактан дал келип калышы мүмкүн эле. Мисалы, “Лазурит” деген аталышка ээ болгон “Ооганстан-Түркмөнстан-Азербайжан-Грузия-Түркия” транзиттик, соода жана транспорттук кордоруна дал келет.
Өткөн жылы Ашхабадда авто унаа, темир жол жана деңиз жолдорунун тармагын түзүүнү караган ушул долбоорду ишке ашырууну баштоо жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Ал Ооганстанды каспий өлкөлөрү жана Европа менен байланыштырмак. Бул сооданы өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктү түзмөк, транзиттик мамлекеттердин ортосундагы байланышты бекемдеп, чет элдик инвестицияларды тартмак.
13-декабрда “Лазирит” боюнча тесттик жеткирүүлөр болгон. Герат (Ооганстан) шаарынан перзидент Ашраф Ганинин катышуусу менен “Түркмөнбашы” порту багытында биринчи жүк жөнөтүлдү. Кандай жүк (баңги заттан башка) болгондугу айтылган эмес, Ооганстандан адатта татымалдар, кургатылган мөмө-жемиштер, жасалгалоочу таштар келет.
Ушул долбоорду жана башка долбоорлорду масштабдуу ишке ашыруу үчүн региондо туруктуулук жетишпей жатат. Кабулдагы борбордук бийлик алсыз, Тажикстандагы көтөрүлүштөр бул өлкөдө дагы алсыз жерлер бар экенин көрсөттү, Кыргызстанда мурункудай эле саясий тобокелдиктер жогору.
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана коңшу Ооганстандын интеграциясы чоң келечектен үмүттөндүрөт деп айтууга болот, бирок азырынча баштапкы баскычта турат. Региондо маданият, коом деңгээлиндеги дүйнө тааным тармагында көптөгөн жалпылыктар бар, бир динди тутунушат. Бир жагынан бардык региондо ийгиликтүү интеграция үчүн чоң дарамет бар, экинчи жагынан бул процессти нивелирлей ала турган объективдүү терс факторлор бар.
55 миллион калкы бар, дээрлик тилдик тоскоолдуктары жок, экономиканы өз ара толуктай ала турган ири регион логистикалык жактан бири-бири менен аз байланышкан. Транспорттук жана энергетикалык маршруту барлар абдан аз. Бул регион алыскы өлкөлөрдүн жардамына чуркабай эле, өзүн өзү толугу менен азык-түлүк жана энергетикалык менен камсыз кыла алат, бул аны өз алдынча болууга жана гүлдөп өнүгүүсүнө алып келет.