Кытайда белгилүү сүрөтчү жоголуп кетти

18 декабря 2018

Мындан көрүнүштөн төбө чачың тик турат!

Белгилүү сүрөтчү Лу Гаун Синьцзян провинциясына барган учурда жоголуп кеткен. Аталган провинция бийликтин өзгөчө контролунда турат. Сүрөтчүнүн жоголуп кеткени тууралуу анын аялы Сюй Сяоли билдирди деп жазат Bored Panda.

23-октябрда сүрөтчү Синьцзяндын борбору – Үрүмчүгө учуп барган, аны ал жакка бир эле учурда бир нече сүрөт көргөзмөсү чакырган. 5-ноябрда ал Кытайдын түштүгүндөгү Сычуань шаарына учуп барууну пландап жаткан. Ушул убактан тартып аны менен байланыш үзүлгөн.

Кийинчерээк Лу Гуанды Кытайдын коопсуздук органдарынын кызматкерлери кармагандыгы аныкталган.

Сюй Сяоли кытай бийлигинин ачуусун эмне пайда кылганын билбейт. Анын себеби Кытайдагы экологиялык абал тууралуу ачыкталбаган чындыкты дүйнөгө ачкан иши болушу мүмкүн.

“Ал байланышка 20 күндөн ашык чыккан эмес, - дейт Сюй Сяоли. – Мен аны кармагандыгы тууралуу эч кандай билдирүү алган жокмун.

Мен Синьцзяндын полициясына бир нече жолу кайрылдым, бирок түшүнүктүү жооп ала албадым. Мен анын түрүү жана аман-эсен келет деп үмүт гана кыла алам”.

Лу Гуан үч жолу сүрөтчү журналисттердин бүткүл дүйнөлүк World Press Photo конкурсунда лауреат болгон.

Ал Кытайдын айлана-чөйрөнү коргоо жана социалдык көйгөйлөрү темасына өзгөчө көңүл буруп келген.

Анын “Өнүгүү жана кирдөө” деген аталыштагы сүрөттөрүнүн сериясында өлкөнүн индустриализациясынын жүрүшүндө экологияга тийгизген таасири чагылдырылган.

Өнөр жай райондорунда жаш балдар көп. Кытай экономикасы чоң бийиктиктерге жетишти. Бирок, кандай баа менен?

Бул сүрөттөр 2004-жылы тартылган. Кан тапшыруудан 678 кытай ВИЧ жуктуруп алышкан, алардын ичинен 200 киши көз жумган.

Аял өзүнүн колунда оор оору менен ооругун небересин көтөрүп турат.

Түрдүү кемтиктери жана майыптыгы бар балдардын жашоосунан алынган коркунучтуу сүрөттөр.

Церебралдык паралич менен жабыркаган балдар полго чачылган кургак сүттү жегенге аракет кылып жатат.

2010-жылы Кытайда 1,2 миллион мөөнөтүнөн мурда болгон өлүм абанын булгануусунан келип чыккан.

Рак ооруларынын деңгээли өтө тездик менен өсүүдө. Бул балада сөөк ракын аныкташкан.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык он кирдеген шаардын жетөөсү Кытайда жайгашкан.

Өнөр жай агындылары сууну булгап, ал ичүүгө жараксыз болуп калат.

Химиялык жана тоо-кен казуу өнөр жайынын калдыктары жерди булгап жатат.

Көптөгөн шаарларда жер алдындагы суулар фенол, цианид, сымап, мышьяк кошулмалары менен кирдеген.

Эң кир текстиль өндүрүшүнүн бири – джинса өндүрүү. Ар күнү жумушчулар химикаттар менен дем алышат. Алар колдоруна коргоочу нерсе кийбей, маска кийбей иштешет.

Джинса өндүрүүдө эң жаманы – анда суу колдонулат. Гуанчжоудогу джинсалардын шаарын көк дарыялардын шаары деп аташат, анткени ал жакта чын эле суу көпкөк.

Жер алдындагы сууларды өтө көп колдонгондуктан ондогон шаарлар чөгүп баратат.

Кытайдан көптөгөн шаарларынын, жада калса Пекин, Шанхай, Тяньцзин, Ханьчжоу, Сиан сыяктуу шаарлардын алдынча дүйнөдөгү ири айлампалар пайда болгон.

Эркек киши аялынын колунда көз жумуп жатат.

Жыл сайын Кытайда түтүндөн 750 миң киши каза болот. 60 миңден ашык киши кирдеген сууну колдонуунун курмандыгы болот.

Адамдар ашказан-ичеги ооруларынан, боор менен бөйрөктүн жугуштуу ооруларынан көз жумушат.

Кытайлар зыяндуу өндүрүштө ден соолугун жоготушат, ал эми иштеп тапкан акчасын дары-дармекке жана дарыгерлерге жумшашат.

Жаш кыз муз болуп тоңгон колдорун жылытууга аракет кылып жатат. Анын ВИЧ менен жабыркаган атасы жумушта – ал беш кишиден турган үй-бүлөсүн жана ата-энесин камсыз кылыш керек.

Эже-сиңдилер 6 жаштагы СПИДден каза болгон инисин көмүүгө даярданып жатышат.

Мына ушундай тартип Синьцзянда орун алган. Ал жакта адамдардын жоголуп жатканы да таң калыштуу эмес! Ал эми бул курамында пластик бар жана рак чакыруучу 10 кытай азыгы. Аларды алуудан алыс болуңуз!

Бул материал сизде кандай сезимди пайда кылды? Мындай курмандыктарга алып келген технологиялык прогресстин кереги барбы – кандай ойлойсуз?

Булак: https://lifter.com.ua/v-kitae-ischez-izvestnyy-fotograf-vot-23-foto-kotorye-tochno-ne-hochet-videt-vlast-5882?fbclid=IwAR3YJ91QHf0DxquGHK2Fduk84GsLfy5fWK_xoXrusa9oB_GygZuHB6qygRA