Венгрияда окуйм дегендерге кулак кагыш. Тандоо өтүп жатат

12 января 2022 Венгрияда окуйм дегендерге кулак кагыш. Тандоо өтүп жатат

Билим берүү жана илим министрлиги Stipendium Hungaricum программасынын алкагында Венгриянын жогорку окуу жайларында окууга конкурстук өтүнмөлөрдү кабыл алып жатат. Бул тууралуу ведомство кабарлады.

Сынакка 18 жашка толгон өлкө жарандары билдирме жөнөтө алат.

"14-январь саат 23:59га чейин Stipendium Hungaricum Scholarship Program программасынын онлайн системасына билдирме жөнөтүп, тиешелүү бөлүктөрдү толтуруп, керектүү документтердин баарын тиркеш керек. Ушундай эле ишти кыргыз тараптын онлайн системасында 15-январь күнү саат 23:59га чейин аткаруу зарыл. Сынакка эки системада тең техникалык текшерүүдөн өткөн талапкерлер катыша алат", — деп жазылган маалыматта.

Стипендиялык программага катышууга шарттар жана талаптар министрликтин расмий сайтында, "Стипендиялар" бөлүмү) жайгаштырылган.

sputnik