АКШ Гүленди жакын арада Түркияга кайтарышы мүмкүн

18 декабря 2018 АКШ Гүленди жакын арада Түркияга кайтарышы мүмкүн

Түркия бийлиги Гюлендин FETO уюмун 2016-жылы болгон мамлекеттик төңкөрүштү уюштурган деп күнөөлөп келет.

Дин аалымы Фетхуллах Гүлен жакын арада Түркияга экстрадицияланышы мүмкүн. Бул тууралуу Анкарадагы Kafkassam Стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору Хасан Октай айтканын РИА Новости жазып чыкты. 

Буга чейин Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу АКШ президенти Дональд Трамп түрк лидери Тайып Эрдоганга Буэнос-Айресте өткөн G20 саммитинде Гүлендин экстрадициясы боюнча маселе иштелип жатканын айткан.

Эскерте кетсек, Түркия бийлиги Гюлендин FETO уюмун 2016-жылы болгон мамлекеттик төңкөрүштү уюштурган деп күнөөлөп келет. Аалым төңкөрүштү сындап, мындай айыптоолорду четке каккан.Ошондон бери Түркия АКШда жашаган Гүлендин экстрадицияланышын талап кылууда.

"Гүлендин экстрадицияланарына аз калды. Буга Түркиянын Сириядагы окуяларга активдүү катышуусу жана АКШНын Иранга каршы санкциялары көмөкчү болууда. АКШ Гүлен боюнча АКШ менен соодалашары турулуу иш. Бул Россиядан алынчу курал-жарак болобу же башка маселеби — айтуу кыйын. Бирок, менимче, АКШ биринчи иретте Түркиянын Иранга болгон позициясын жумшартууну суранат", — деди Октай.

Ал Гүлен эмки жылдын 31-мартына чейин Түркияга берилиши мүмкүн экенин болжолдоду. Дал ушул маалда аталган өлкөдө шайлоо өтөт.



Дагы: sputnik.kg, фото-© REUTERS / Charles Mostoller