Жанар иним, мени өзүңдөй ойлобо! Жапаров мандат чуусу боюнча билдирүү жасады

17 декабря 2021 Жанар иним, мени өзүңдөй ойлобо! Жапаров мандат чуусу боюнча билдирүү жасады

Президент Садыр Жапаров "Альянс" партиясынан талапкер Жанар Акаевдин мандат чуусу боюнча билдирүү жасады.

Мамлекет башчы шайлоо башталгандан бүгүнкү күнгө чейин БШКнын бир дагы ишине кийлигишпегенин айтып, мыйзамсыз чечим чыгарышса, өздөрү керт башы менен жооп берерин билдирди.

"Эми кечээги Жанар Акаевге байланыштуу маселе боюнча. Жанар иним, өзүңдүн ичиң толо арам болсо эле мени да өзүңдөй ойлобо. Тескерисинче, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабековага кимдир бирөөлөр барып "президент менен макулдаштык, Жанар Акаевди колдоп койсун деди" дешиптир. Мен Шайлдабековага "бир гана мыйзам талабы жана адилеттүүлүк менен чечкиле, эч ким силердин ишиңерге кийлигишпесин" дедим. Ким барганын да сураганым жок. Аны БШК төрайымы өзү айтсын", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал ар кандай саясий маселелерге байланыштуу ушак сөздөргө жооп бербей койсо, калктын калың катмары күмөн санап, айрымдары ишенип аларын белгиледи.

"Айлана-чөйрөмдөгүлөр "жооп бербей эле коюңуз, бул сиздин деңгээл эмес" деп чыгышат. Мен элге мурдагылардын катасын кайталабайм деп сөз бергем. Алар айлана-чөйрөсүндөгүлөрдүн сөзүнө кирип "чын эле менин деңгээлим эмес" деп, коомчулукта чуу жараткан маселелерге жооп да бербей, түшүндүрмө да бербей жатып, акыры калктын калың катмарынын нааразычылыгына кабылышты. Жыйынтыгында үч жолу ыңкылап болду", — деди мамлекет башчы.

sputnik