Аскар Акаевдин Кыргызстанга кайрадан эмнеге келгени, канча жүрөрү белгилүү болду

14 декабря 2021 Аскар Акаевдин Кыргызстанга кайрадан эмнеге келгени, канча жүрөрү белгилүү болду

Туңгуч президент Аскар Акаев Кыргызстанга Кумтөр иши боюнча дагы бир ирет сурак берүү үчүн келди. Бул туурасында анын жакындары билдирди.

Акаевдин бүгүн таңга маал Москва — Бишкек каттамы боюнча учуп келгени маалым болгон.

Экс-президенттин жакындарынын айтымында, сапар Кыргызстандын укук коргоо органдары менен макулдашылган. Ал Кумтөр кенинин айланасындагы кылмыш иши боюнча УКМКга эки күн сурак берип, кайра кетет. Аны менен кошо улуу Илим Акаев да келген.

sputnik