Россиядагы мигранттар канча айлык алат. Сурамжылоонун жыйынтыгы

10 декабря 2021 Россиядагы мигранттар канча айлык алат. Сурамжылоонун жыйынтыгы

Россиянын аймагындагы мигранттар орто эсеп менен айына 47,1 миң рубль табышат. Бул тууралуу мигранттардын федерациясынын президенти Вадим Коженов билдирди.

Федерация Ломоносов атындагы МГУнун жардамы менен Россияда иштеген Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандарынын арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Бир жыл ичинде беш миң адам суралган.

Коженовдун айтымында, маалымат Россиянын бардык аймактарында жашаган мигранттарды сурамжылоонун жыйынтыгында алынган. Ал ошондой эле мигранттар каалаган айлык 77,2 миң рубль экенин кошумчалаган.

Федерация жетекчиси орус тилин мыкты билген мигранттар тилди начар билгендерге караганда көбүрөөк акча табарын айтты. Тагыраагы, биринчилердики 49 миң болсо, экинчилердики 37 миң рубль.

Эң көп акча тапкан мигранттар курулуш жана ремонт иштери менен алектенишет. Алардын айлыгы 54 миң рубль. Транспорт, логистика жана кампа иштери менен алектенгендер 52 миң алышат. Эң төмөн айлык коммуналдык жана айыл чарба тармагында иштегендердики — 41 000 жана 36,8 миң рубль.


sputnik