Кыргызстанда ар бир бешинчи ымыркай никесиз бүлөдө төрөлгөн

8 декабря 2021 Кыргызстанда ар бир бешинчи ымыркай никесиз бүлөдө төрөлгөн

Кыргызстанда 2020-жылы ар бир бешинчи ымыркай никеси жок бүлөдө жарыкка келген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Негизинен 20-35 жаштагы аялдар никеси жок төрөгөнү айтылат.

"Былтыр юридикалык эмес никеде төрөлгөн 15 миң бала ата-энесинин биргелешкен арызы боюнча катталган. Ошондой эле дагы 15 миңге жакын бала энесинин арызы менен катталган, бул балдар атасыз үй-бүлөдө тарбияланышы ыктымал", — деп жазылган маалыматта.

2020-жылы 2019-жылга салыштырмалуу никелешүүнүн саны 20 пайызга кыскарган. Расмий түрдө үй-бүлө кургандардын жарымынан көбү 20-29 жаштагылар.

Үйлөнгөндөрдүн ар бир төртүнчүсү эки ача жолго түшөт. Айыл жеринде миң никеге 162 ажырашуу туура келсе, ал эми шаардагы ажырым жолго түшкөндөр андан эки эсе көп.

2020-жылы Кыргызстанда 158 174 ымыркай төрөлгөн. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 15 427ге аз.


sputnik