Эркектерди эсинен тандырган 5 поза

30 ноября 2021 Эркектерди эсинен тандырган 5 поза

Эркектер аялынын төшөктө болушунча ачык-айрым, сылык-сыпаа болушун жакшы көрүшөт. Ал эми аларга күч-кубат берген позалар төмөндөгүлөр.

Эркектер үчүн секстин орду өзгөчө. Алар сүйгөн адамынын өзгөрүп турушун каалашат. Өнөктөшүнүн кысылбай, эркин баарлашуусун кыялданышат. Анткени, төшөк уяла турган жер эмес.

“Догги-стайл”

Бул позада эркектер төшөктө каалагандай бийлешет. Алар башкы каармандын ролунда болушат. Себеби, эркектер мында өнөктөшүнүн арт жагынан жакындап, алдыга ыктайт. Эки колу бош болгондуктан, шеригинин жамбашынан кармап, ургулоого болот. Колуңузду анын көкүрөгүнө жүгүртүп, манжаларыңыз менен назик жерин кармалай алат. Эркектер бул учурда каалаганын кыла алышат. Бирок, кээ бир назик аялзаты үчүн бул поза жагымсыз таасир берип, ооруксунтууну жаратышы мүмкүн.

“Чабарман аял”

Аты айтып тургандай, бул позада аялдар үстүнө отуруп, жыныстык катнашты өз колуна алышат. Тизелей олтурган калыпта каалашынча ырахат алса болот. «Чабарман аял» позасында эркектер мүмкүн болушунча бош кармап, шеригин көздөрү менен ичип-жеп, көкүрөгүн кармалап турушат. Эркектерге жага турган поза болгондуктан, аялдардын буту ооруп, энергиясы түгөнүп калышы мүмкүн. Бирок, аялдар да бул катнаштан болушунча көп ырахат алаарын унутпайлы.

“Кайың” позасы

Бул позада аял чалкасынан жатат. Ал эки бутун көтөрүп, эркектин ийнине коёт. Эркек чөгөлөп же түз турат. Мындай жакындашууда аялдын жыныс кыны тарып, эркектерге чоң ырахат тартуулайт. Албетте, кындын мындай тарылышы эркектерге гана эмес, аялдарга да жагары анык.

“Тескери олтурган чабарман”

Бул поза классикалык “чабарман аял” позасына окшош. Бирок, жыныстык катнашка баруу үчүн аял эркектин үстүнө чыгып, ага далысын салып олтурушу керек. Ал өзүнө ылайыктуу олтурууну тандап, каалашынча катнашка бара берсе болот. Бул учурда эркектин кыймылдоо мүмкүнчүлүгү аз. Бирок, аялдар каалашынча “чапкылап”, оюн ишке ашыра алышат.

Эркек аялды көтөрүп турат

Эркектер бул катнашты өздөрү көзөмөлдөгөндүктөн, абдан жакшы көрүшөт. Бирок, бардык эркектер мындай катнашка барууга чамасы жете бербейт. Себеби, алар аялды колдору менен көтөрүп, ырахат тартуулашы керек. Ошентсе да, көйгөйдү жеңилдетүү үчүн, аялды дубалга такап, өз ишин жасай берсеңиз болот.