Буларда арзан эмес. Бишкекте көмүр саткан базалардын даректери

26 ноября 2021 Буларда арзан эмес. Бишкекте көмүр саткан базалардын даректери

Көмүр саткан жайлардын басымдуу бөлүгүндө кара алтындын бир тоннасы 4 000 сомдон өйдө көрсөтүлгөн. Ал эми бир кабы 250 сом.

Бишкек мэриясы ордо калаадагы көмүр саткан базаларынын дарегин кайрадан жарыялап, ал жакта кандай көмүр бар экенин жана баасын жазды.

Билдирмеге караганда, Биринчи май районунда кошумча отун базалары ачылган. Жалпысынан 12 жерде Кара-Кече көмүрү сатылууда. Бир кабынын баасы — 250 сом.

Алар:

Щербаков көчөсү, 121;

"Азиз" базары (Махатма Ганди бульвары, 201);

Саадаев жана Чүй көчөлөрүнүн кесилиши;

Месароша, көчөсү 96;

Кызыл-Кыя көчөсү, 170;

Дэн Сяопин проспектиси, 531;

Мидин Алыбаев жана Мыскал көчөлөрүнүн кесилиши;

Махатма Ганди бульвары менен Жапаров көчөсүнүн кесилиши;

Архитектор жана Чүй көчөлөрүнүн кесилиши;

Профессор Зима көчөсү, 198;

Архитектор көчөсү, 43;

Махатма Ганди бульвары, 210.

Свердлов районунда көмүрдү Достоевский көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан базадан тапса болот. Ал жакта Шабыркүл көмүрүнүн бир тоннасы 4 500 сом.

Мындан тышкары, 11 жерде Кара-Кече көмүрү сатылып жатканы айтылды. Алардын ону Келечек жаңы конушундагы айланма жолдо болсо, бирөө Дордой-2 жаңы конушу тараптагы айланма жолдо. Мында Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 4 500, ал эми бир кабы — 250 сом.

Октябрь районунда көмүр Төкөлдөш айылында сатылып жатканы маалым болду. Ал жакта Кара-Жыра көмүрүнүн бир тоннасы 4 500 сом. Ушул эле районго караштуу Кара-Жыгач жаңы конушундагы Анкара көчөсү менен Достоевский көчөсүнүн кесилишинде Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 4 800 сомдон бааланууда. Бир кабы — 250 сом.

Ленин районундагы отун базалары:

"Ак-Жол" ЖЧКсы, Мурманск көчөсү, № 1а;

"Торг-Синтез", "Кара-Жыра" ЖЧКлары, Мурманск көчөсү, №59а;

"Береке" ЖЧКсы, Мурманск көчөсү, № 259;

"Беш-Сары" ЖЧКсы, Мурманск көчөсү, №186.

Пушкин көчөсү, 182;

Баррикадный кууш жолу, 2.

Мэрия бул жакта көмүрдүн кайсы түрү бар экенин жана баасын көрсөткөн эмес.

sputnik