Ош шаарында маршруткага төлөнчү жол кире 20 сомго чейин көтөрүлдү

25 ноября 2021 Ош шаарында маршруткага төлөнчү жол кире 20 сомго чейин көтөрүлдү

Кичи автобустар үчүн жол кире кымбаттаган эмес, муниципалдык транспорт үчүн тарифтер дээрлик өзгөргөн жок.

Ош шаардык кеңешинин депутаттары калаада коомдук транспорттун жол киресин көтөрүүгө макулдук берди.

Ага ылайык, маршруткалардын тарифи күндүз 15 сом деп белгиленди. Ал эми кыш мезгилинде саат 19:00дөн 21:00гө чейин, жай мезгилинде 21:00дөн 23:00гө чейин 20 сомго көтөрүлдү. Мурда бардык убакытта жол акы 10 сом болчу.

Ал эми муниципалдык транспорттун тарифи дээрлик өзгөргөн жок. Болгону троллейбуста электрондук билети барлар үчүн жол кире 6дан 8 сомго жогорулады. Билети жоктор мурдагыдай эле төлөйт.

Автобустардын тарифи кымбаттаган жок, электрондук билети барларга 8, жоктор үчүн 10 сом бойдон калды.

Мектеп окуучулары да мурдагыдай эле автобус, троллейбуска 3, маршруткаларга 5 сом жол кире төлөйт.

Жаңы тарифтер кийинки жумадан тарта колдонулат. Азырынча так датасы белгисиз, шаардык кеңештин токтому төрага кол койгондон кийин күчүнө кирет.

sputnik