Кабарлап койгула! Мэрия капкак уурдагандар боюнча элге кайрылды

25 ноября 2021 Кабарлап койгула! Мэрия капкак уурдагандар боюнча элге кайрылды

Шаар бийлигинин билдиришинче, "Бишкек суу канал" жоголгон капкактардын ордуна жаңысын коюп жетишпей жатат.

Бишкек мэриясы капкагы жок калган канализациялар жана суу түтүктөрдүн кудуктары боюнча маалыматтарды билдирүүнү өтүнүп шаардыктарга кайрылды. Мындан сырткары, люктардын капкактарын уурдап, темир алган соодагерлерге саткан фактылар болсо билдирүүнү өтүнөт.

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, "Бишкек суу канал" ишканасынын карамагында 31 890 кудук бар. Анын 23 390у канализацияныкы жана 8 500ү суу түтүктөрүнүкү. 11 айда 140 жаңы люк пайда болгон.

Мэрия люктардын техникалык абалын жана капкактардын бүтүндүгүн текшерүү үчүн өндүрүш эксплуатациялык башкармалыктын кызматкерлери суу жана канализация түйүндөрүн такай көзөмөлгө алып келишет деп ишендирди.

Шаар бийлиги белгилегендей, акыркы жылдары капкактарды уурдоо фактылары көбөйгөн. "Бишкек суу канал" ишканасы жаңысын алууга үлгүрбөй, каржылык чыгымга учурап жатат.

Мэрия шаардыктарды өзгөчө түнкүсүн басканда этият болуусун өтүнөт. Анткени люктар ачык калышы мүмкүн. Ушундай эле көрүнүштөрдөн улам олуттуу жол кырсыктары катталат.

Мэрия ачык калган кудукту көргөндөрдү 1533 номуруна, эгер люктардын капкактарын уурдап жаткандарды байкаса, 102 номуруна кабарлоону өтүндү.

sputnik