Таластын кире беришине жарык берген электр жабдуу орнотулду. Сүрөт

19 ноября 2021 Таластын кире беришине жарык берген электр жабдуу орнотулду. Сүрөт

Жаңы орнотулган жабдыктар күндүн энергиясынан кубатталып, түнкүсүн жарык берүү жөндөмүнө ээ экендиги белгиленди.

Өтмөк ашуусунда жайгашкан Талас облусунун кире беришиндеги аркага жарык берчү заманбап жабдыктар орнотулду. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Өтмөк ашуусунда жайгашкан Талас облусунун кире беришиндеги аркага жарык берчү заманбап жабдыктар орнотулду

Ал жабдыктар күндүн энергиясынан кубат алып, түнкүсүн жарык берүү жөндөмүнө ээ экендиги белгиленди.

Ошондой эле Талас облусунун аркасы жана Айкөл Манастын эстелигинин айланасы быйыл жазында толугу менен реконструкцияланганы кошумчаланды. Мындан тышкары, жүргүнчүлөр эс алып отуруучу атайын жай жана даараткана курулуп, Манас атанын эстелигинин тегереги сырдалып, тоонун боорундагы "Таласым — ыйык жерим" деген жазуу жаңыртылган.

Өкүлчүлүк ушул жылдын 28-августунда Өтмөк ашуусунун кире беришиндеги Айкөл Манастын эстелигинин жанында туу көтөрүү аземи болгонун да белгиледи. Иш-чара өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында өткөрүлүп, гимн ойнолуп, аянты 100 чарчы метрлик туу обого көтөрүлгөн.

sputnik