Улуу Британияда соттун чечими менен бейтаптын буту кесилмей болду

17 декабря 2018 Улуу Британияда соттун чечими менен бейтаптын буту кесилмей болду

Ишти карап чыккан сот бейтап өзүнө кандай жардам керектигин чече албай турганын жана акылы жагынан мандем бар деген өкүм чыгарган.

Улуу Британияда сот бутун кестирбейм деген бейтаптын өтүнүчүн четке кагып, дарыгерлердин арызын канаттандырганын The Independentбасылмасы жазды.

Ага ылайык, эркек киши буту ириңдеп ден соолугуна коркунуч туудурганына карабай аны кестирип салуудан баш тарткан. Британиянын мыйзамдарына ылайык, дарыгерлер бейтаптын макулдугу жок ага медициналык жардам көрсөтө алышпайт.

Андыктан оорукананын жетекчилиги сотко кайрылган. Ишти карап чыккан сот бейтап өзүнө кандай жардам керектигин чече албай турганын жана акылы жагынан мандем бар деген өкүм чыгарган. Ошентип дарыгерлердин арызы канааттандырылып, оорулуу кишинин буту кесилмей болду.



Дагы: sputnik.kg, фото -© Sputnik / Александр Кряжев