Баалар дары-дармектердин наркын жөнгө салуу боюнча мамлекеттик саясаттын негизинде бекитилгени айтылды.
Дары-дармек жана медициналык каражаттар боюнча департамент дүң жана чекене сатуу үчүн катталган 234 препараттын баасын бекитти. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Тизмедеги дарылардын наркы милдеттүү медициналык камсыздандыруу, мамлекеттик кепилдик боюнча кошумча программалардын негизинде жабылары жана COVID–19ду дарылоодо колдонулары айтылган.
Дүң жана чекене соода үчүн катталган дарылар боюнча маалымат департаменттин сайтына жайгаштырылып, электрондук базага киргизилген. Кирүү үчүн "коргоочу кодду" жазып жана "дарылардын баасы" деген жерин басыш керек. Түшкөн арыздарга карата тизме толукталып турат.
"Баалар дарылардын наркы 30 календарлык күн ичинде дүңүнөн соодалаган фармацевтикалык уюмдарга сатылат. Ал эми чекене, тагыраагы, бирден-экиден саткан уюмдар үчүн катталган мезгилден тарта 45 календарлык күндүн ичинде берилет", — деп айтылган маалыматта.
Министрлик жашоо үчүн абдан маанилүү деген прапараттардын баасын жөндөө жана дары-дармектердин кымбаттап кетишине жол бербеш үчүн бул сыяктуу иштер уланарын кабарлады.