Улуттук банк 50 млн. доллар сатып, жарым жылдын ири интервенциясын жасады

29 октября 2021 Улуттук банк 50 млн. доллар сатып, жарым жылдын ири интервенциясын жасады

Быйыл өлкөнүн башкы банкы жалпысынан 10 ирет чет элдик валюта саткан. Бардыгы болуп 391 миллион доллардан ашык акча иштетилди.

Бейшемби, 28-октябрда, Улуттук банк валюта рыногунда 50 миллион доллар сатканы тууралуу маалымат мекеменин сайтына чыкты.

Бул октябрь айындагы экинчи интервенция болду. Буга чейин 30,2 миллион доллар сатылган.

Жалпысынан быйыл Улуттук банк сегиз жолу интервенция жасап (баарында саткан), 391 миллион 350 миң доллар сатылган.

Учурдагы сатуу акыркы алты айдагы ири жана өлкөнүн башкы банкынын тарыхындагы эң чоң суммадагы интервенциялардын бири болду.

Эске сала кетсек, эң көлөмдүү, 62 миллион 250 миң доллар сатылган интервенция ушул жылдын апрель айынын аягында болгон.

Valuta.kg порталындагы маалыматтарга ылайык, акыркы эки күндө доллардын курсу сатыкта өзгөрүүсүз калды. Ал эми сатып алуу бейшембиге салыштырмалуу 29-октябрда үч тыйынга арзандаган.

sputnik