ТИМ Багдадда каза тапкан кыргызстандык аялдын өлүмүн териштирип жатат

27 октября 2021 ТИМ Багдадда каза тапкан кыргызстандык аялдын өлүмүн териштирип жатат

Буга чейин журналисттерге аялдын тууганы кайрылып, сиңдиси бир нече күндөн бери жок экенин айткан. ТИМ анын каза тапканын тастыктады.

Иракта кыргызстандык аял көз жумуп, сөөгүн мекенге алып келүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин ЖМКлардын бирине аялдын тууганы кайрылып, сиңдиси бир нече күндөн бери байланышка чыкпай жатканын айткан. Анын айтымында, тууганы эки жума мурун өзү иштеген сулуулук салонунун жетекчиси менен уруша кеткен.

ТИМ кечээ, 26-октябрда, Ирак тарап менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн билдирди. Көз жумган С.М. аттуу аялдын сөөгү Багдаддагы өлүкканада экени белгилүү болгон.

Кыргызстандын Кувейттеги элчилигине аялдын каза болгону тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү да келген. Анын өлүмүнүн себебин билүү үчүн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгышы керек.

ТИМ учурда маркумдун күйөөсүнө виза алып берип, сөөктү Кыргызстанга жөнөтүүгө көмөктөшүүдө. Министрлик бул маселе көзөмөлүндө экенин белгиледи.

sputnik