70 жаштагы кемпир биринчи баласын төрөдү

20 октября 2021 70 жаштагы кемпир биринчи баласын төрөдү

Индиянын Гуджарат штатында жашаган 70 жаштагы Живунбен Рабари биринчи жолу эне болду. Кары жубайлар көп жылдардан бери балалуу боло албай келишкен. Жубайлар бул кыялына быйыл гана заманбап технологиянын аркасында жетишти.

Аялдын эч кандай документи жок. Анын айтымында, ал 70 жашта. Ал күйөөсү менен баш кошконуна 45 жыл болду. Ушунчалык балалуу болгусу келишип, ЭКОнун жардамы менен карыганда гана бул максатына жетишти.

Доктор Нареш Бханушалинин айтымында, оорукананын кызматкерлери аларга мындай куракта балалуу болуунун кереги жок экенин эскертишкен. Бирок, абышка-кемпир укпа коюшкан.

"Мындай окуя биздин туугандарыбыздын ичинде көп кездешет. Бул менин тажрыйбамда эң сейрек кездешкен окуя", - деди дарыгер.