Жапаровдун кортежи кырсыктап, дарыгердин каза табышы. Иш кайсы стадияга жетти

19 октября 2021 Жапаровдун кортежи кырсыктап, дарыгердин каза табышы. Иш кайсы стадияга жетти

Кортежге каршы чыккан айдоочуга жол эрежесин бузгандыгы үчүн жана "Этиятсыздыктан киши өлтүрүү" беренеси боюнча айып тагылган.

Президент Садыр Жапаровдун кортежи кабылган жол кырсыгынан каза болгон дарыгер Илгиз Усубалиевдин иши Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү. Бул туурасында ИИМдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Азамат Дүйшөналиев билдирди.

Ал бүгүн Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Кыргызстанда кылмыштуулук өсүп жатат — ИИМ кандай чара көрүүдө" деп аталган брифингге катышты.

"Аталган иш өндүрүштө каралып бүтүп, Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлгөн. Subaru Outback унаасынын айдоочусуна Жазык кодексинин "Жол кыймылы жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу" жана "Этиятсыздыктан киши өлтүрүү" беренелери боюнча айып тагылды", — деди Дүйшөналиев.

Эске салсак, президенттин кортежи катышкан жол кырсыгы 4-июнь күнү Ананьево айылына жакын жерде болгон. Президенттин маалымат кызматы кортеждеги Toyota Land Cruiser каршы тилкеге чыгып алган Subaru Outback унаасы менен кагышканын билдирген. Мунун кесепетинен УКМКнын 9-кызматынын (Мамлекеттик кайтаруу кызматы) 37 жаштагы кызматкери, ортопед-травматолог Илгиз Усубалиев каза болгон. Ал эми экинчи машинанын айдоочусу ооруканага түшкөн.

sputnik