Бакты сүзгөн. Кеминдеги кырсыкта эки адам көз жумуп, үчөө жабыркады

18 октября 2021 Бакты сүзгөн. Кеминдеги кырсыкта эки адам көз жумуп, үчөө жабыркады

Кырсыктан 17 жаштагы С.Т. аттуу бала каза тапкан. Көз жумган кыз менен жабыркаган үч кишинин жашы, аты-жөнү такталууда.

Чүйдө Daewoo Nexia унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып бакты сүзгөн. Анын айынан эки киши каза таап, дагы үчөө жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА МЧС КР

Чүйдө Daewoo Nexia унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып бакты сүзгөн. Анын айынан эки киши каза таап, дагы үчөө жабыркады

Каргаша кечээ, 17-октябрь күнү, Кемин районунун Ударник айылынын Ленин көчөсүндө болгон.

Кырсыктан 17 жаштагы С.Т. аттуу бала каза тапкан. Көз жумган кыз менен жабыркаган үч кишинин жашы, аты-жөнү такталууда.

Куткаруучулар каза болгон жана жабыркаган жарандарды унаадан чыгарып Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

sputnik