Лотореядан бир күндө эки ирет уткан аял 4 млн. долларлуу болду

8 октября 2021 Лотореядан бир күндө эки ирет уткан аял 4 млн. долларлуу болду

Америкалык аял күтпөгөн жерден бир нече көз ирмемде эле төрт миллион доллардын ээси болуп калды.

Америкалык Сьюзен Фиттон эки билет сатып алып, ар биринен эки миллион доллардан утуп алганын Insider порталы жазды.

Окуя Флорида штатында болгон. 64 жаштагы аял сентябрь айынын ортосунда Mega Millions лотореясынын эки билетин алган. Ойнотулуп жаткан учурда автоматтагы сандар аялдын пайдасына чыккан. Мунун жыйынтыгы менен америкалык пенсионер 4 миллион доллар утуп алган. Ал эми билетти сатып алган дүкөнгө 10 миңи калган.

Портал Mega Millions лотореясынан утуп алуу оңойго турбастыгын жазган. Эксперттердин айтымында, бир миллион доллар утуп алуу мүмкүнчүлүгү 12 607 30 учурдун бирөөсүндө эле болот.

sputnik