Жоомарт Оторбаев менен Асылбек Жээнбеков абакта калтырылды

24 сентября 2021 Жоомарт Оторбаев менен Асылбек Жээнбеков абакта калтырылды

Эки аткаминер тең Кумтөр кенине байланыштуу мыйзамсыз иштерге айыпталууда. Алардын бири июнда, экинчиси сентябрь айында камалган.

Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасы кайрадан каралып, УКМКнын тергөө абагында калтыруу мөөнөтү 30-ноябрга чейин узартылды. Бул боюнча чечимди кабыл алган Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

"Соттун 24-сентябрындагы токтомуна ылайык, шектүүлөр Жоомарт Оторбаев менен Асылбек Жээнбеков тергөө абагында ушул жылдын 30-ноябрына чейин калтырылат", — деп жазылат билдирүүдө.

Атайын кызмат Оторбаевди Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында 16-сентябрда кармаган. Ал "Кумтөр голд компанинин" (Центерра Голд Инк.) кызыкчылыгы үчүн буйрук чыгарып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн жок кылууга макулдугун берген деп айыпталууда.

Ал эми ЖКнын мурдагы төрагасы, экс-президенттин бир тууганы 1-июнда камакка алынган. Ал дагы "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деп шек жаратып жатат. Бул иш боюнча бир катар аткаминерлер менен депутаттар кармалган болчу.

sputnik