Аэропортко бараткан жолдо аялды коюп кеткен мотоциклдин айдоочусу кармалды

20 сентября 2021 Аэропортко бараткан жолдо аялды коюп кеткен мотоциклдин айдоочусу кармалды

Аэропортко бараткан жолдун Манас айылында аялды сүзүп кеткен мотоциклдин айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Окуя кечээ, 19-сентябрда, саат 19:30да болгон. Кырсыктын кесепетинен 52 жаштагы аял каза тапкан. Мындан улам Манас айылынын жашоочулары Бишкек — аэропорт жолун тосуп, нааразычылыктарын билдиришкен.

Милиция кырсык тууралуу маалымат түшөрү менен ыкчам-тергөө тобу жерине барганын белгиледи. Аталган факт Жазык кодексинин 297-беренеси (Жол кыймылы коопсуздугун жана автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу) менен катталган.

Азыркы тапта мотоциклдин Н.Ф. аттуу 29 жаштагы айдоочусу Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.


sputnik