Бош убакыттын көптүгү маанайды чөгөрүп, ден соолукка залакасын тийгизет

13 сентября 2021 Бош убакыттын көптүгү маанайды чөгөрүп, ден соолукка залакасын тийгизет

Бош убакыттын оголе көп болушу адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу Пенсильвания университети менен Лос-Анджелес университетинин (АКШ) окумуштууларынан турган илимий топтун иликтөөсүнө таянып Journal of Personality and Social Psychology журналы жазды.

Изилдөө үчүн 2012-2013-жылдары 21 736 америкалыкка сурамжылоо жүргүзүлгөн. Алардан акыркы 24 саат ичинде эмне иш менен алек болгонун жана маанайы тууралуу сурашкан.

Жыйынтыгында колу такыр бошобогон адамдар өзүнө бир аз убакыт тапкандарга салыштырмалуу стресске көп кабылганы белгилүү болгон. Ошол эле учурда бош убактысы өтө эле көп адамдар буга чейинки эки топко кирген кишилерге салыштырмалуу өздөрүн бактысыз аташкан. Алар өздөрүн эч кимге кереги жоктой сезип, маанайы көбүрөөк чөгөт экен.

Мындан улам изилдөөнүн авторлору иштин аздыгы адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизет деген бүтүмгө келди. Андыктан иштеп жүрүп пенсияга чыккан же жумушсуз калган адамдар тез арада бир нерсе менен алек болуп же алдына жаңы максат коюп, ага жетүүгө умтулганы жакшы болот.


sputnik