Эл өкүлү депутаттардын телефонун тыңшаткан судьяны иштен алууну сунуштады

8 сентября 2021 Эл өкүлү депутаттардын телефонун тыңшаткан судьяны иштен алууну сунуштады

Эл өкүлү Дастан Бекешев Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңештин депутаттарынын телефон сүйлөшүүсүн тыңшаганына тынчсыздануусун билдирди.

Ал муну менен парламентарийлердин Конституцияда жазылган кол тийбестигин эске албаганын белгилеп жатат.

"Жакында эле уктук, 6-январда ИИМ сотко кайрылып, үч депутат жана активисттердин телефон сүйлөшүүсүн тыңшаган. Депутаттардын кол тийбестиги бар, бирок сот ага карабай уруксат берген. Мен билем, саясатчыларды дайым тыңшап келишкен, бирок мыйзамдуулук болуш керек да. Анда "депутаттарды уга берсе болот" деп Конституцияга жазып коёлу", — деди Бекешев.

Депутаттын пикирин кесиптеши Мирлан Жээнчороев да кубаттап тыңшоого уруксат берген судьяны иштен алууга чакырды.

"Жогорку Кеңештин атынан Жогорку соттун Тартип комиссиясына кат жөнөтүшүбүз керек. Чыңгыз Бердимуратов деген сот (Биринчи май райондук сотунун судьясы — ред.) мыйзамды одоно бузду. Ал мунун негизинде иштен алынышы керек. Себеби ЖК депутатына парламенттин уруксаты менен иш козголгондон кийин гана тергөө жүрөт", — деди Жээнчороев.

Натыйжада бүгүн парламентке тийиштүү органдардын башчыларын чакырып, бул маселенин чоо-жайын сурамай болушту.

Белгилей кетсек, буга чейин ИИМ октябрь окуяларын иликтөөнүн алкагында үстүбүздөгү жылдын 6-январынан 10-февралына чейин ондогон саясатчынын телефонун тыңшаганын билдирген.


sputnik