"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул жолу ата-энесинин келечектеги күйөө баласына койгон шартына ыңгайсыз болуп, кыйналган кыздын катын жарыялайбыз.
— Саламатсыздарбы! Атым Диана (ысымы өзгөртүлдү — ред.), 25 жаштамын. Беш жыл мурда Санкт-Петербург шаарына агамдын баласын каралашканы баргам. Эки жыл кичинекей сиңдимди багып, кийин ал бала бакчага барган соң, жеңем иштеген маникюр салонуна жумушка кирдим. Тырмак жасалгалоого өзүмдүн дагы шыгым бар экен, бир жыл өтүп-өтпөй кадимкидей кыйын адистердин катарына кошулуп калдым. Жанымда Айжамал деген кара-балталык эже иштейт, экөөбүз башынан эле ынак болуп калганбыз. Бир жарым жыл мурда ал мени капысынан эле агасынын баласы менен тааныштырган. Ал Питерде такси айдайт экен. Менден бир жаш улуу, аябай тамашакөй, бирок орду менен сүйлөгөн Мирлан мага дароо жакты. Муну байкадыбы, айтор, телефонумдун номерин сурап, экөөбүз аз убакыт ичинде 2-3 жолу жолугуштук. Жакындан таанышканда ого бетер купулума толуп, бат эле кыз-жигит болуп калдык.
Мирлан абдан акылдуу, ата-энесине күйүмдүү, оокатчыл, келечекке олуттуу мамиле кылган жигит болуп чыкты. Россияга иштегени төрт жыл мурда келиптир. Бишкекте ЖОЖдордун биринде окуп жүргөн кезинде ата-энесинин кредити, карыздары көбөйүп кетип окуусун таштап Москвага кетүүгө аргасыз болуптур. Ошондон бери күнү-түнү колго тийген жумушта иштеп жүрүп, ата-энесин карыздан кутултуп, эми үй-жайын оңдотуп жаткан кези.
Россияда жүргөндө жердештер, тааныштар менен жакыныраак болуп, өзүнчө бир катыштар пайда болот эмеспи. Ошондой дос-тааныштар менен жолуккан жерден "экөөңөр качан үйлөнөсүңөр, Диананын жашы өтүп баратат, балалуу болушуңар керек" деп акыркы кездерде көп уга баштадык. Ошондон уламбы же өзү эле бышып жетилдиби, айтор, үч ай мурда Мирлан августта үйлөнөлү деп сунуш кылды. Экөөбүз макулдашып, ар ким өз ата-энесине кабар берип, августтун башында Кыргызстанга кайтып келгенбиз.
Мен жумуштагыларга, тааныштарымдын баарына турмушка чыкканы кетип баратам деп жар салып, баары бизге бакыт каалап узатышкан.
Үйгө келсем ата-энем мени күйөөгө узатуу боюнча укмуштуудай план түзүп коюптур. Анысын менин апам Мирландын апасы менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин билдим.
Апам "тууган-урук, жоро-жолдоштордун баарын чакырып, кыз узатуу өткөрөбүз, ага 200 миң сом, калыңга 200 миң сом, бир бодо, калганын майда жандык кылып тогуз баш мал алып келесиңер" дептир. Анысы аз келгенсип, "өз кудагыйыңардан тышкары кыздын чоң энеси менен таенесине алтын алып келесиңер жана Бишкекте үлпөт той өткөрөсүңөр" деп талап коюптур. Менин ата-энем, көпчүлүк туугандарыбыз Жалал-Абадда турат. Аларга эмнеге Бишкекте той керек болгонун түшүнө алган жокмун.
Чынын айтсам, мен экөөнүн антип сүйлөшүп жатканын уккан эмесмин. Бир маалда телефонум шыңгырады, карасам Мирлан экен. Алсам эле үнү башкача, дароо жүрөгүм "болк" дей түштү. "Диана, сен менин абалымды жакшы билесиң. Мен байдын баласы эмесмин да. Болбосо Россияда такси айдайт белем? Ата-энем менен карындаштарым менин гана колумду карап отурарын жакшы билесиң. Мен сага үйлөнүш үчүн баарын кошкондо 1 миллион сом табышым керек экен. Карызымдан эми эле кутулдум го. Ал карыздан кутулуш үчүн мен дагы канча жыл Россияда жүрүшүм керек?" деп телефонду коюп койду. Менин үстүмө муздак суу куйгандай эмне деп айтарымды билбей калдым.
Апамдан сурасам, баары чын экен. Атам экөө тең "сен жалгыз кыз болсоң (эки агамдан кийинки) кантип тынч эле күйөөгө берип коёбуз? Биз элдин тоюна барганбыз. Алардын бетин кантип карайбыз? Биздин шартка көнсө алсын, көнбөсө жаныңа жолобосун" десе болобу?!
Андан кийин дагы 1-2 жолу сүйлөшүп, такыр бир пикирге келе алышкан жок. Мирлан экөөбүздүн планыбыз боюнча мени колдон алып кетишип, үйдөн чакан той берип, кайра Санкт-Петербургга кетели дегенбиз. Ал жакта кичине иштеп, Бишкектен үй алып алсак деген тилек менен келгенбиз.
Анан минтип менин ата-энем ушунча ач көздүк кыларын кайдан билиптирмин. Мен Мирланды абдан жакшы көрөм. Мен аны менен бактылуу болом деп ишенем. Мунун баарын үйдөгүлөргө айттым. Бирок аларга менин бактыма караганда той, элдин пикири өйдө турат экен.
Мирлан экөөбүз ошол бойдон мурдагыдай жай-баракат, жылуу сүйлөшө алган жокпуз. Сүйлөшө баштаганда эле мен ыйлайм, бир да сөз айта албайм. Ал дагы стресс болуп, айласын таппай турганы телефон артынан эле байкалып турат. Эң өкүнүчтүүсү, ал кайра кетүүгө билет алып коюптур. Анысын мага 2-3 күн мурда эле айтты. Бирок сен кетесиңби же эми эмне кылабыз деп суроо берген жок. Мен өзүм дагы сурай алган жокмун.
Мындан ары кантип жашайм? Мирланды жоготкум келбейт. Бирок аны менин ата-энем катуу таарынтты окшойт. Кийин экөөбүз үйлөнгөн күндө деле жашообуз кандай болот? Же ал менден ошол бойдон кол үзүп койсочу? Ата-энем ушинтип багымды байлап коёбу?
Психолог Перизат Калмаматова:
— Урматтуу Диана, чукул чечим кабыл ала көрбөңүз. Учурда сиз көңүл калуу жана коркуу сезимдеринин туткунунда турасыз. Ата-энеңиздин кылганы сизди ирээнжитип, көңүлүңүзгө тийди. Бирок мен аларды сындоодон алысмын. Дүйнөдө миллиондогон адамдар коомдук пикирди биринчи орунга коюп, "эл эмне дейт?" деген принцип менен жашайт. Бул нерсе туура эмес экени адамдын өзүнө жетип же психолог менен сүйлөшмөйүнчө түшүнүү өтө кыйын. Менин практикамда, ушул сыяктуу ата-энеси менен пикир келише албаганынан улам үйлөнбөй калган же ажырашып кеткен түгөйлөр жок эмес.
Экинчиден, сиз сүйүктүү адамымды жоготуп алам деп коркуп жатасыз. Сиз аны дагы түшүнүүгө аракет кылыңыз. Биринчиден, ал сиздин ата-энеңиздин талабына шок болсо, экинчиден, сиз тараптын каалоосун ишке ашыра албай жатканы үчүн өзүн жемелеп, намыстанып, психологиялык жактан оор абалда болуп жатышы толук мүмкүн. Материалдык жактан алсыздык көпчүлүк эркектер үчүн оңой эмес.
Менимче, ага бир нече күн болсо дагы убакыт керек. Окуяны анализдеп, өзүнө келип алууга мүмкүндүк бериңиз. Бул аралыкта сиз дагы "эс алып" каласыз.
Ошондон кийин гана экөөңөр бетме-бет отуруп сүйлөшүп, мындан аркы кадамыңар кандай болорун талкуулаганыңар туура болот.