3 сентября 2021
Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Жарандардын айрым категорияларына социалдык жөлөк пулдун өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, буга чейин мамлекет башчы кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап жатып, үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта жөлөк пулдун көлөмү жогорулай турганын айткан.
Президенттин жарлыгына ылайык, ай сайын берилчү жөлөк пулдардын өлчөмү 50 пайызга жогорулайт (2021-жылдын 1-октябрынан тарта).
Ким канча алат?
- ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга — 4000 сомдон 6000 сомго чейин;
- ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга — 4000 сомдон 6000 сомго чейин;
- атасынан же энесинен айрылган балдарга — 1000 сомдон 1500 сомго чейин;
- атасы менен энесинен айрылган балдарга — 2000 сомдон 3000 сомго чейин;
- бала кезинен I топтогу майып адамдарга — 4000 сомдон 6000 сомго чейин;
- бала кезинен II топтогу майып адамдарга — 3300 сомдон 4950 сомго чейин;
- бала кезинен III топтогу майып адамдарга 2700 сомдон 4050 сомго чейин;
- атасы менен энеси белгисиз балдарга — 2000 сомдон 3000 сомго чейин.
Ал эми 2022-жылдын 1-январынан тарта жөлөк пул 100 пайызга көбөйтүлөт;
- ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга — 4000 сомдон 8000 сомго чейин;
- ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга — 4000 сомдон 8000 сомго чейин;
- атасынан же энесинен айрылган балдарга — 1000 сомдон 2000 сомго чейин;
- бала кезинен I топтогу майып адамдарга — 4000 сомдон 8000 сомго чейин;
- бала кезинен II топтогу майып адамдарга — 3300 сомдон 6600 сомго чейин;
- бала кезинен III топтогу майып адамдарга — 2700 сомдон 5400 сомго чейин.
2022-жылдын 1-январынан тарта 200 пайызга көбөйө турган жөлөк пулдар:
- атасынан же энесинен айрылган балдарга — 2000 сомдон 6000 сомго чейин;
- атасы менен энеси белгисиз балдарга — 2000 сомдон 6000 сомго чейин.
Чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат.